Маржан Кеңешбек кызы Сокулук №2 орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ал Сокулук районундагы 6 мектептин арасында уюштурулган интеллектуалдык таймаштан жеңүүчү аталып кубанып турган кези. Жеңүүчүгө белек катары нотбук, кубок жана Ардак грамота тапшырылды.
Сокулук районунун 6 мектебин камтыган “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы быйыл Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп лицейинде өткөрүлдү. Бул таймашка Р.Мамыралиев атындагы мектеп гимназиясы, Муса Жангазиев атындагы №4 орто мектеби, Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп лицейи, Шопоков шаарынын №3 мектеп гимназиясы, Сокулук №2 орто мектеби жана Военно-Антоновка окуу-тарбия комплексинен окуучулар катышты.
Интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүсү Маржан Кеңешбек кызы жакында эле “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” конкурсуна да катышып, мыкты окуучу аталган:
Маржан Кеңешбек кызы-жеңүүчү, Аида Медетбек кызы-уюштуруучу, алып баруучу
“Келечекте Кыргызстанга кереги тийген мыкты кесиптин ээси болууну кыялданып жатам. Азыр кесип тандоонун үстүндөмүн, финансист же тергөөчү болсом деп жатам. ЖРТга да жакшылап даярданышым керек, ал үчүн “Акыл Ордонун” салымы чоң болуп жатат. Бүгүн мен белекке нотбук алып кубанып жатам. Бул таймаштын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем”,- деп кубанычы менен тең бөлүштү.
1-орунду ээлеген окуучунун мугалимине “Байтур-Резорт” кымызканасына жолдомо берилди.
Таймашта 2- орунду Керимбүбү Шопокова атындагы мектеп лицейинин 10-классынын окуучусу Байтур Токтогулов багындырды. 2-орунду ээлегендиги үчүн Ардак грамота жана заманбап смартфон менен сыйланды. Ал эми калган катышуучуларга энциклопедиялар, рюкзактар тапшырылды.
Ар бир катышуучуну даярдап алып келген мугалимдерине да демөөрчү тарабынан “Афродита” СПА борборунун сертификаттары тапшырылса, 1-орунду ээлеген окуучунун мугалимине “Байтур-Резорт” кымызканасына жолдомо берилди.
Иш-чаранын башталышынан аягына чейин катышып отурган Сокулук районунун администрация башчысы Курбанбек Айтибаев мындай таймаштар окуучуларга абдан пайдалуу экендигин белгилеп өттү:
Ортодо-Сокулук районунун администрация башчысы Курбанбек Айтибаев
“Акыл ордо таймашы жакшы деңгээлде өткөрүлдү. Демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев Кадырбековичке ыраазычылык билдиребиз. Билимге, жаштардын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканыныз башкаларга үлгү болсун. Акимчилик тараптан бул жылы Сокулук районунан олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин да уюштуралы деп жатабыз”.
“Акыл ордо” интеллектуалдык таймашынын алып баруучусу жана уюштуруучусу Аида Медетбек кызы бул таймаш Суусамыр өрөөнүндө башталып, эми Сокулук районунун да мектептерин камтып баштаганын белгиледи:
“Былтыр Акыл ордону Военно-Антоновка окуу тарбия комплексинде өткөргөн болсок, быйыл Сокулук районунун 6 мектебинин арасында өткөрүп жатабыз. Окуучулардын даярдыгы мыкты экенин белгилеп кетким келет. Демөөрчүбүз Тынчтыкбек Конушбаев бул таймашты колдоп келе жатканына 7 жылдын жүзү болду. Мындан тышкары дагы, демөөрчүнүн билим жаатында колдогон долбоорлору көп”.
Иш-чаранын демөөрчүсү, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экс депутаты Тынчтыкбек Конушбаев “Акыл ордо” таймашын абдан кызыгуу менен көрүп жана дайыма колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экс депутаты Тынчтыкбек Конушбаев
“Бүгүн абдан жакшы таймаш болду. Окуучулар, мугалимдер менен кошо биз дагы толкунданып карап отурдук. Суроолор да абдан ар тараптуу, кызыктуу болду. Мен мындай долбоорлорду абдан колдойм, анткени билимге умтулган балдарга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Мугалимдерге арналган, мектеп парламенти менен иштеген долбоорлорубуз бар.”
Белектер
Иш-чарага катышкан мектеп директорлору, Райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, мугалимдер жана ата- энелер уюштуруучуларга жана демөөрчүгө ыраазычылык билдиришти.
Эскерте кетсек, “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашы Суусамыр өрөөнүндө 7 жылдан бери тынымсыз өткөрүлүп келет.
Азиза Тамчиева