Өлкөбүздө карантин дагы эле уланып, пандемиядан толук кандуу арыла элекпиз. Демек илдеттен сактануу үчүн ар бир жаран санитардык нормаларды жана аралыктарды сактап, бет каптарды тагынып жүрүүлөрү керек. Ошондой эле антисептик каражаттарды дайыма колдонуп, мүмкүн болсо эл көп жүргөн жайлардан оолак болуу зарыл. Бул талаптар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үзгүлтүксүз айтылып жатканына карабастан учурда шайлоого байланыштуу үгүт иштери, тойлор көпчүлүктүн катышуусу менен өтүүдө.
Жеке ишкер Назира Беккелдиева эл пандемия коркунучун унутуп эле калганын айтат.
“Элдер беткап, антисептик менен жүрүп жатты эле, азыр эч ким деле санитардык эрежелерди колдонбой калышты. Баякы бири-бирибизден чочулап, чүчкүрсө шектүү караган учур жок азыр. Банктарда гана бир аз эрежелерди сактап жатпаса, мекемелерде, базарларда, соода жайларында беткап тагындарды көрүүгө мүмкүн эмес» дейт.
Учурда мектеп окуучулары пандемияга байланыштуу аралыктан окуп жатканы менен эч чогулган жыйындар, ар кандай иш-чаралар, үгүт иштерине жолугушуулар күн алыс айыл жерлеринде өтүп жатат. Баетов айылдык кеңешинин депутаты Максат Жукешов:
“ЖМКнан эскертип жатканына деле маани бербей калдык. Бири-бирибизден чочулап караган учур өтүп кетти. Бирок эл ооруну унуткан жок. Жөн гана шайлоонун шарапаты менен алаксып кеткендей. Ал эми той жана үгүт иштерине байланышкан жыйындарга барган жокмун. Өз коопсуздугум өзүмө керек”,- деген оюн айтты.
Ар бир жаран өз коопсуздугу жана ден-соолугуна жоопкер. Ошол себептүү пандемиянын талаптарын толук аткарыш керек дейт райондук аймактык ооруканасынын медайымы Женишкүл Букарбаева.
“Пандемия бүттү деп эч ким айта албайт. Ар бир адам өзүн-өзү коргоо керек. Баарын медкызматкерлерге түртө салууга болбойт. Илдет менен күрөшүүдө абдан эле оор болду. Жанагындай атайын кийим менен 7-8 саат иштеш өтө кыйын. Аны иштеген адам гана жон териси менен сезет. Жарандар эл чогулган жерлерге барбай, антисептик колдонуп, беткап кийип, санитардык эрежелерди сактап мед.кызматкерлерге жардам беришсе”.
Видео: Айыл тургундарынын санитардык эрежелерди сактоосу
Барчын Мамытбекова