Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата пландалган иш-чаралар пандемияга байланыштуу аралыктан өттү. Мектептин класстан жана мектептен тышкаркы тарбия иштерин уюштуруучусу Жыпар Кубатбекованын берген маалыматына караганда окуучулар кыргыз акындарынын эне тилге арналган ырларынан көркөм окушту. Ал эми мектепте атайын бурч уюштурулду.
“Кырдаал билим берүүгө таасир этпеши керек. Бул абдан маанилүү күн. Бардык класстарда тарбиялык сабактар тил мыйзамынын 31 жылдыгына арналып, окуучулар кыргыз тилинин байыркы басып өткөн жолу менен таанышышты. Мугалимдин милдети окуучуга билим эле бериш эмес, аларды патриоттуулукка дагы тарбиялоо. Мындай иш-чаралар аркылуу окуучулар Мекенди, эне тилди сүйүүгө тарбияланат”,-дейт.
https://youtu.be/GgczejB_zUw
Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде жана балдардын билим борборунда дагы бул күнгө байланыштуу ар кандай иш-чаралар аралыктан өткөрүлдү.
Аралыктан окутуу бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда
Барчын Мамытбекова