Кыргызстанда дарыгерлер коронавируска каршы эмдѳѳ иштерин баштады. Бирок, карапайым калк эмдѳѳдѳн ѳтүүгѳ шашылган жери жок.
Covid-19 илдетине каршы күрѳшүп баштаганыбызга жыл айланды, былтыркыдан сабак алдыкпы? Быйыл илдет дагы деле тамырын жайып күч алып жаткан учурда элдин кайдыгер болуусу да күч алууда.
Барскоон айыл аймагында жалпысынан 9239 адам жашайт. Алардын ичинен 4058и он сегиз жашка чейинки ѳспүрүм курактагы балдар. Жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан эмдѳѳ дагы Барскоон үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу аркылуу жергиликтүү тургундарга жасалууда. Тактап айтсак айыл аймак боюнча жалпысынан 5181 айыл тургунуна эмдѳѳ жасалуу керек.
Карапайым калктын эмдѳѳгѳ болгон кѳз караштары кандай болуп жатат жана ѳз каалоолору менен келип эмдѳѳдѳн ѳтүп жатабы деген суроо менен Барскоон айылынын үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Бактыгүл Бейшенбиева кайрылып кѳрдүк:
Бактыгүл Бейшенбиева: Ковид-19 илдетине каршы Кытай мамлекетининен даярдалган «Синофарм» ваксинасы келген. Бул дары бир кишиге ылайыкталып бир жолу эле сайылуучу вакцина. Бул вакцина 18 жаштан жогорку адамдарга сайылат. Вакцина бир адамга эки жолу сайылат. Биринчи алган күндѳн кийин 21чи күнү экинчи ирээт эмдѳѳдѳн ѳткѳрүлѳт.
— Бул вакцинанын адамдар алгандан кийин кандай терс жактары бар? Адамдын ден-соолугуна залакасы тийбейт бекен?
Бактыгүл Бейшенбиева: Жок адамдын ден-соолугуна эч кандай зыяны жок. Биздин айылдан ѳз каалоосу менен келип сегиз адам эмдѳѳдѳн ѳттү. Азыркы күндѳ сегиз адамдын тең абалдары жакшы. Вакцина болгону ковиддин алдын ала турчу дары.
-Анда эмне себептен айыл тургандары ваксинаны келип алуудан баш тартышууда?
Бактыгүл Бейшенбиева: Айыл тургундарына келип вакцина алгыла деп айтсаң эле, дароо кайсы мамлекеттики деп сурашууда. Кытайдыкы десең эле анда албайбыз деп жатышат. Соц тармактарда кеңири тараган жалган маалыматтарды окуп алышып эле коркуп жатышат окшойт.
-Негизинен бул вакцинаны милдетүү түрдѳ алуу керекпи?
Бактыгүл Бейшенбиева: Биз ар бир жаранды эмдѳѳдѳн ѳткүлѳ деп кыйнай албайбыз. Бул эмдѳөдѳн ѳтүү эркин. Кааласа келип эмдѳѳдѳн ѳтүп кетишет. Кыйнап эч кандай сая албайбыз»
-Эмдѳѳдѳн кандай жол менен ѳтүшѳт?
Бактыгүл Бейшенбиева: Алгач биз кан басымын, кандын айлануусун, дене табын текшеребиз. Андан соң дарыгерге барат. Дарыгер, ден-соолугу толугу менен кѳзѳмѳлдѳн ѳткѳрѳт. Андан кийин вакцина ала турган адам ѳз каалоосу менен макулдук анкетасын толтуруп берет. Биз вакцина сайгандан кийин жарым саат кѳзѳмѳл жүргүзүп турабыз. Абалы жакшы болсо жарым сааттан кийин үйлѳрүнѳ кетиребиз.
Ден-соолук ар бир адамдын ѳзүнѳ керек. Демек, ар бир жаран ѳзүнүн ден-соолугуна кам кѳрүү зарыл. Вакцинаны сайдыруу бул коронавирус илдетинин алдын алуу жана коргонуу болуп эсептелинет.
Гүлкайыр Осмоналиева