Кыргызстанда вирусту жуктургандардын саны өсүп жатат. Буга чейин вирустун мутацияланган 4 түрү белгилүү болуп. Кыргызстанда британ, индиялык, түштүк африкалык жана россиялык штаммдар бар экенин аныкталган. Коронавирустун жаңы штаммдары биздин өлкөдө пайда болуусу канчалык кооптуу? Алар бири-бири-менен кантип айырмаланат. Суроолорго саламаттык сактоо министирлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин алдынкы дарыгер эпидемиологу Султан Суранбаев жооп берет.
1. Учурдагы эпидемиологиялык абал кандай?
Азыр 3-толкун кетип жатат да. Учурда коронавирусту жуктурган 200-350 учур катталып жатат. Былтыркыга салыштырмалуу оорулардын катталуусу эки гана региондо Бишкек жана Чүйдө жогорку көрсөткүчтү берип жатат. Ал эми башка аймактарда айрым гана учурлар катталууда.
2. Вирусту жуктургандардын санынын өскөнүн жаңы штаммдар менен байланыштырса болобу, бул канчалык кооптуу?
Вирус өзү бирөө эле. Ал коронавирус. Былтыр алгачкы жолу Сузак районунда катталып сырттан келген вирус деп эсептелген. Азыркы убакта 100000ге жакын киши ооруга чалдыкты. Ошонун 2% гана сырттан келди деп айтсак болот. Ал эми калган 98% ички республикада жүрүп жаткан вирустар. Жаңы штаммды аныктоо үчүн чет өлкөлөр менен келишим түзүп алардын лабораториясына жөнөтүп жатабыз. Мында идентификация кайсы вирус ошол эле вирустун кайсы түрү Кыргызстанда катталып жатат экениндиг аныкталат. Биз жөнөткөн үлгүлөрдөн биздин өкөдө британ, индиялык, түштүкафрикалык жана россиялык штаммдар бар экендиги катталды. Оорунун жүрүшү бир гана вирустан эмес, адамдын иммундук системасынын төмөн болушунан, өнөкөт ооруларынын бар болгондугуна байланыштуу болуп. Мындай учурда оору оор түрдө өтөт. Кандай гана вирустун штаммы болбосун адамдын иммундук системасы жогору болуп, өнөкөт оорулары болбосо оору жеңил өткөрөт.
3. Вирустун жаңы түрү кайдан пайда болду?
Кыргызстанда британ, индиялык, түштүк африкалык жана россиялык штаммдар бар экенин аныкталган. Мындайча аталып калып жатканынын себеби, бул ушул өлкөлөрдө катталган вирустар бизде бар дегенди түшүндүрөт. Бирок вирустун бардык жугуу жолдору, таралуусу, ооруну чакыруусу бир эле деңгээлде кетет. Учурда бизде катталаган штаммдардын ичинде 40% Британ штаммы. Ал былтыр Улуу Британияда катталып британ штаммы деп белгиленген. Тез таралуусу, оорунун күтүлбөгөн жерден пайда болуусу менен айырмаланат. Ошондой эле жаш балдар арасында катталып жатканы менен дагы белгилүү. Алгачкы жапайы Ухань штаммына караганда оор түрдө өтүүсү мүмкүн. Жаш балдарды көбүнчө ичеги-карындарын, тамак оорусун ошондой эле кулак органдарын дагы жабыркатат.
4. Эмне себептен вирустун жаңы түрлөрү пайда болуп жатат?
Вирус айлана-чөйрөдө туруксуз. Бул адамдын ички организиминде жүрөт. Бардык эле вирустар организмге түшкөндө өзүнүн түзүлүшүн өзгөртө баштайт. Мисалы, сасык тумоо оорусу бар эмеспи. Ага каршы жыл сайын эмдөө жүргүзүлөт. Эмне үчүн аны бир жолу эмдеп койбойбуз. Ошол боюнча 5-10жылга чейин оорубай жүрсөк болот эле да. Жок, андыктан РНК алып жүрүүчү вирустар дайыма өзүнүн структураларын өзгөртүп турат. Өзгөчө айлана-чөйрөдө, организмге киргенде ал көрсөткөн ички каршылыкта гендери бир топ өзгөрүлө баштайт.
5. ПЧР анализин кайсы учурда жана кимдер тапшырышы керек?
Адамда 3 симптом: Дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл, дем кыстыгуу болгон болсо жергиликтүү медициналык мекемелерге кайрылуусу керек. Ал жактан ПЧР анализин тапшыруу сунушталат. Аны тапшыруу республиканын бардык аймактарында жеткиликтүү. Ал үчүн шаар же райондук борборлоруна баруу кажет эмес. Өз айылдарынан тез арада тест тапшырып жыйынтыгын алуу мүмкүнчүлүгү бар.
6. Вакцина вирустун жаңы түрүнө туруштук бере алабы?
Калктын 70 ашуун пайызын эмдеп алсак оорунун бир топ деңгээлин түшүрүп алганга шарт түзгөн болот элек. Себеби, бүгүнкү күндө ооруну алдына алуунун бирден-бир натыйжалуу жолу вакцина болуп эсептелет. Муну сөзсүз түрдө алуу керек. Ал сатылбайт бекер. Мунун эч кандай коркунучу жок. Вакцинанын кандай гана түрү болбосун аны алганда жооп катары реакция байкалат. Бул тескерисинче жакшы нерсе. Организм ага жооп кылды деп түшүнүү керек. Болгону эмдөөдөн өткөндөн кийин атайын айтылган эрежелерди сактоо зарыл. Мисалы: сууга түшүүгө, ысыкта жүрүүгө болбойт. Вакцина алгандан кийин сизде эт ысуу, шалдыроо, ийне алган жериңиз ачышып, кычышуу белгилер байкалса кабатырланууга негиз жок. Бул эмдөөдөн кийин болуучу табигый көрүнүш.