Улгайган адамдардын аны барган сайын азайып бара жатат, анткен менен алардын арасында 100гө жакындап калгандары да бар.
65жаштан 70жашка чейин-33
70жаштан 80жашка чейин-21
80жаштан 90жашка чейин-12
90жаштан 100жашка чейин-2
Алардын ал-абалын сурап билүү үчүн үйлөрүнө барганда алар төмөнкүлөрдү билдирди:
Жалын Искендерова 82жашта:
«Бул жашка келип карыдым деп отуруп калган жокмун,келиним экөөбүз кийиз жасап,аны оюп жайлоого ала кетип, ал жактан жөрмөп, шырып келели деп камданып жатабыз».
Канымбүбү Асанбаева 71 жашта:
«Уулум менен келиним мугалим,үйдө неберелеримди багып,түшко чейин аларды күтөбүз. Неберелер бар ооруганымды дел сезбей калам. Оору жүрүпжаткан убакта санитардык абалды так сактап аткарып жаттык,ошон үчүн бул ооруга чалдыккан жокпуз,болгону тоолуу амакта жашагандыктан кан басымым бир аз жогорулап кетет.»
Кемел Абдиев 84 жашта:
«Өлкөбүз аябай оор кырдаалда турат,экономикабыз начарлап,мамлекет элдин айлыгын,пенси,пособиесин төлөй албай калабы деп чоочуладым эле, андай болгон жок,пенсиямды убагында алып жаттым.»
Жекшенбүбү Байбосунова 65жашта:
«Карантин бизди көп нерсеге тарбиялады. Баарыбыз көп убакытка чейин үйдө болдук,бул ынтымакты чыңдады, санитардык абалды сактап, тазалыкка үйрөндүк, баардык нерсени сарамжал кармоого көндүк».
Жеңишбек Маатов 76 жашта:
«Короодо бир аз мал бар. Ошолорду карап, убагы менен суусун берип, чөбүн салып, уулума баш-көз болом. Булар менен алектенип жүрүп убакыттын өткөнүн билбей калам. Кээ бир учурда санжыра сурашып айыл тургундары, окуучулар келишет алар менен маектешем».
Бурул Алымкулова 95жашта:
«Үйдө неберелеримди окутам, алар сабактан келгиче чайын даярдап күтүп турам. Ден- соолугум жакшы, бир аз сасык тумоолоп калсам, айылдагы кызым күйпөлөктөп дары-дармегин алып келип берип турат. Чукулда эле айыл өкмөтү «Мээримдүү эне» деген сыйлыгын, бир аз белегин алып келип ал-абалымды сурап кетти. Ага чоң рахмат, сүйүнүп калдым.»
Фатиса Чоргоева 66жашта:
«Биз үй бүлөбүз менен былтыр жайлоодо болуп, оору тууралуу маалыматты, айылдан келген адамдардан угуп жаттык. Оорулуулардын санын угуп, аябай кабатыр болдум, шаардагы уул- кыздарымдын, келин неберелеримдин ден соолугун тилеп жүрдүм. Карантин бүтүп, посттор ачылаары менен шаарга барып, алардын ден соолуктары жакшы экенин көрүп жаным тынч алып калды.»