Төлөк айылында жакырчылыктан чыгуу үчүн атайын долбоор алынып келинди, буга 62 адам тартылды.
Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында жакырчылыктан чыгуу үчүн тайын чакан долбоор келди. Бул долбоордун максаты, суу жеп кеткен, урап калган арыктарды калыбына келтирүү, айылды суу, сел каптоонун алдын алуу. Бул долбоор айылга жыл сайын келет жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жумуш берилип, ун, май алууга жол ачылат.

Бул дамбалар айылды селден сактап калат
Айыл өкмөт башчысы Эркинбек Чекирбаев буларга токтолду:
«Бул проектини Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк програмасына жазып алып келдик. Негизги максаты айылдагы сел тосуучу каналды бекемдөө, былтыркы тынымсыз жааган жамгырдан суу жеп кеткен жерлерди мешок менен тосуу. Бул проектини ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча карап, 4 штук ЖБ кольцо, 1000 мешок, кол кап, жана күйүүчү май алып келдик. Жумушту иштөөгө аз камсыз болгон 62 үй бүлө тартылды жана айылдан дагы карап, жаш үй-бүлөлөрдү да алдык», -дейт.

Бул долбоорго 62 адам тартылды
Быйылкы 20 жылдыктардын мечитке көрсөткөн жардамы
Айдана Тыныбекова