Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы 20 жылдыктар мечитке килем, жайнамаз, тесме буюмдарын ыйгарышты.
Бул боюнча Төлөк айылынын имамы Соңкөл Сейиталиев мындайча кошумчалады:
«Бул 20 жылдыктардын мечитке берген жардамы аябай эле жакшы болду. Алар жайнамаз, килем, тесме, кумган, чаң соргуч кылып алып келип беришти. Бул мечит кудайдын үйү болгондуктан , мечитти ойлоп, кудайдын улуу күнүндө ниет кылгандарына Алла өзү ыраазы болсун».

Берилген белектерге эл абдан ыраазы
Төлөк айылынын тургуну, быйылкы 20жылдыкты белгилөөчү Чыңгыз Алымкулов :
«Быйыл 1984-жылы туулган классташтар 20 жылдык кечебизди белгилөөдө кеңешип рамазан айында мечитке жардам берүүнү туура көрдүк. Чогулган акчабызга атайын мечитке деп килем, жайнамаз, чаң соргуч,чөгүн жана башка буюмдарды алып келип бердик. Бул мечитке бергенибиздин себеби, орозодо сооп иш кылгыбыз келди. Ушуну менен катар кийинки жаштар дагы ушундай жакшы иштерди кылат деген үмүттөбүз».
Мечиттин эскилиги жеткендиктен жаңы мечиттин дагы курулуш иштери башталган, буюрса күзгө маал бүтүп калат.
Төлөк айылында чакан кийим тигүү цехи ачылды
Мадина Чыңгыз кызы