Кулатов айыл өкмөтүнүн Ноокат районуна караштуу Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу аймактык ооруканасында дарыланып жаткан жашы улгайган адамдардын билдирүүсүндө карыялар убак убагы менен дарыланып турушу керек экендигин айтышты. Улгайган адамдардын башка оорулары да болушу мүмкүн, ошол себептен вирус бат жугушу мүмкүн.
Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн Россия колхозунун 77 жаштагы тургуну Шакирова Рысбүбү чоң эненин айтуусунда 6 уул, кызды чоңойтуп бактылуу байбиче.
«Эки кыз, төрт уулум бар. Үч жылдан бери боорум ооруйт. Чынын айтсам, былтыр пандемия башталганда балдарым курулуш иштерин баштап алышкан эле. Ошол себептен бизди абышкам экөөбүз неберем болуп башка коопсуз үйгө көчүрдү. Ал жер тынч жана таза болгондуктан неберем тамак-ашыбызды жасап берип жакшы карады. Үй-бүлөмдө вирус жуктурганы болгон жок. Абышкам экөөбүздү да ушул күнгө чейин той-аш, маарекелерге жибербейт балдарым. Ар үч-төрт айда келип дарыланып турам учурда абалым жакшы».
Кош-Дөбө айылынын 74 жаштагы тургуну, пенсионер Сыдыков Абдимиталип менен баарлашканыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
«Пандемия учурунда карантиндин эрежелерин толук сактадым. Себеби, той-аш, мааракелерге чыкпай, үйдө убакыт өткөрдүм. Эл көп топтолгон жерлерге баруудан баш тарттым. Андан сырткары, санитардык эрежелерди сактап, үй-бүлөм менен үйдө болдук. Убагында, диетикалык тамактарды пайдаланууга аракет жасадым. Себеби кан басымым бат-бат жогорулап, төмөндөп тургандыгы үчүн өзүмдү аябай этият кылууга аракет кылдым. Жумуртка, мал эти, сүт азыктарынан жасалган тамактарды пайдаландым.
Үй-бүлөмдө, кошуна колоңдордо да вирус жуктургандар болгон жок. Бирок азыркы учурга чейин өзүмдү эл көп топтолгон жайлардан алыс кылып, сактанып келем. Пандемияга карабай, дарыгерлердин айткандарына карабай, эл санитардык эрежерди сактабай жатышат. Ошол эле учурда айылдагы элдер той-аш, мааракелер токтоосуз болуп жатат. Ошол себептен вирус жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйүп бара жатат»,- деп билдирди.
Кереге-Таш айылынын тургуну пенсионер Кыздаркан Бакированын айтуусунда 2020-жылдын октябрь айында вирус жуктуруп алган.
«Алгач алым куруп, аябай алсырадым. Дарыгерге барып көрсөтүштү. Пневмония деп диагноз коюшту. Үйгө барып эле дарыгердин көрсөтмөсү менен дарылана берсин дептир дарыгер. Ооруканада ооругандардын саны көп деп кабыл албады. Ошону менен Ош шаарына барып дарыланып жакшы болдум. Бирок дароо эле жакшы боло албадым. Эки айдан кийин өзүмдү жакшы сезе баштадым»,- деп билдирди.
Ноокат районуна караштуу Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Азимжан Абдуллаевдин айтуусунда былтыр оору күчөгөн мезгилде вирусту жуктуруп жана пневмония оорусу менен ооругандардын саны дээрлик көп болгон.
«Бирок ошолордун ичинен 50-60% улгайган адамдар болчу. Тилекке каршы вирус жуктургандардын арасынан каза болгондору да болду. Каза болгондордун ичинен көпчүлүгү 55 жаштан жогоркулары эле. Жашы улуу адамдар иммунитети төмөн болуп, вирус жугуу коркунуу жогору болот. Организм вируска каршы күрөшө албайт. Былтыр оору күчөгөн мезгилде ооруларды тейлөө үчүн шарттарыбыз жок эле. Быйылкы 2021- жылы оорукана толук даяр. Себеби рентген, УЗИ аппараттары кошумча дем алдыруучу аппараттар, күндүзү келип кетүүчү стационарлар толугу менен даяр. Жаңы жылдан бери вирус жуктуруп алып кайрылгандар боло элек».
Таңнуру Жалалова