Ааламга жол айылдан башталат – деген жакшы макал бар, адам өсүп өнүгүү жолун тандап, келекчекти ойлосо, биринчи эле элет жеринен башташы керек. Гендердик тең укуктуулук, айылда абал кандай?
Гендердик тең салмактуулук айыл өкмөттөрдө сакталабы? Жергиликтүү
кеңеш айымдардын жана эркектердин укутарын бирдей сактайбы? Жана аны
жайылтууда, кандай шарттарды түзөт? Ушул суроолорго жооп
издейли. Марат Ниязалиев, мамлекеттик органдарда тажрыйбалуу
кызматкер. Азыркы учурда Талас облусунун Талас районундук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, бул тууралуу ал өз оюн айтты.
«Кайсы тургун болбосун, анын Конституциядагы укуктарын сакталышына, кепилдигине шарт түзүп беришине милдетүү, мындан тышкары мыйзам бар, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам. Ошону дагы биздин юстиция башкармалыгы менен биргелешип ишке ашырып жатабыз».
Ар бир адам эч кандай айырмачылыгына, расасына, терисинин түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук жана социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалынакарабастан бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээ болууга тийиш. Бектур Медетов, Таластагы жараандык активист, ал элет жериндеги тең укуктуулук боюнча кандай пикирде?
«Негизи Кыргызстандын жарандарына, аял болобу, эркек болобу, бирдей шарттар тузүлүшү керек. Андан тышкары дагы жергиликтүү бюджетти дагы эки категориянын муктаждыктарына жараша кызматтарды дагы көрсөтүш керек. Аялдардын, кыздардардын көндүмдөрүн өстүрүүсүнө көп көңүл бурушубуз керек».
Көп учурларда кагаз жүзүндө, идеалдуу жашоо жазылат. Айыл жергесинде жергиликтүү кеңеш тең укуктуулук боюнча иш алып барат, активисттер дайыма ар кандай тегерек столдорду өткөзөт бул тема тууралуу, бирок чынында айылдарда абал кандай. Үмүт Исманалиева үй кожейкеси, анын айтымында аялдар күнүмдүк тиричилик менен күнү өтүп, жергиликтүү башкаруу органдардан эч кандай жардам жок.
Жергиликтүү деңгээлде өздөрүнүн укутары жөнүндө анча маани беришпейт жана ойлонушпайт деле. Айыл өкмөт жана жергиликтүү кеңеш элет жеринде аялдардын жана эркектердин укутарын теңөөдө абдан маанилүу орган. Тең укутуулукту талап кылган бир нече эл аралык жана дүйнөлүк документтер бар. Ошол тууралуу дайыма ар бир жаран билүүсү зарыл.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова