Талас облусу боюнча 2019 жылдын 11 ай ичинде 17 эрте никеге туруу фактысы катталган. Мындай жаш үй-бүлөлөр инспекторлордун жана соцадистердин дайыма көзөмөлүндө турат.
Динара Сарногоева, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын пресс катчысы, анын айтымында, эрте никеге туруу өлкөбүздүн өнүгүсүүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
«Бизде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор бар, имамдарды, молдолорду, нике кыйганда каттоо китебине жазышат.Ошолорду текшерип, мыйзам бузуучулуктарды аныктап чыгышат».
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин мыйзамы боюнча аялдарга жана эркектерге никеге турууга 18 жаштан уруксат берилет. Эрте никеге турууну алдын алуу боюнча, айыл жергесинде кандай иштер аткарылат, бул туралуу Өзгөрүш айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча адиси Рахат Кенесариева айтып берди.
«Биз аялдар кеңеши менен, аксакалдар кеңеши, имамдар, мектептер менен биргелекте иш-чалраларды өткөзөбүз, эрте никеге туруу фактыларын болтурбоо үчүн. Анткени алар жалпы элдер менен тыгыз иш алып барат. Мектептерде ачык эшик күндөрүн өткөзөбүз, ушул жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү максатында».
Кыргызстандын мыйзамдарында кызды жашы жете элек куракта, тагыраагы 18 жашка чейин мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. Мындай шартта нике күбөлүгүн алып расмий катталбай эле, мыйзамды кыйгап өтүп диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып жашаган “амалдуулар” да жок эмес. Азыркы убакытта, дин кызматкерлерине атайын чектөөлөр коюлган. Алар бир гана нике күбөлүгүн көргөндөн кийин гана, нике кыйууга уруксат.
Коом, дин жана мыйзамда гана эмес, медицина жаатында дагы эрте никеге туруу даарыгерлердин айтымында, жашы жете элек кыздардын организими эне болууга көп учурда даяр эмес. Бул маселе менен бир гана мамлекеттик органдар эмес, ошондой эле мамлекеттик эмес органдар иш алып барууда.
Турмушка чыккан жаш кыз, бул потенциалы ишке ашпай турган секелек кыз. Ата-энелер жана коомчулук өз кыздары үчүн баардык шарттарды түзуп берүү керек. Бир гана биргелешип, жаш балдардын никеге туруусун токтото алабыз.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова