Сокулук районунун Белек айылында жайгашкан С.Кайназарованын мемориалдык үй музейинде Кыргызстандын элеттик аялдардын эскерүү күнү белгиленди. Иш- чарада райондун активдүү жашоочулары чакырылып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон кадыр барктуу айымдар майрамга карата белектер менен сыйланышты.
Эскерүүгө Ак-Саамай фольклордук ансамблинин жетекчиси А.Кенжеева апа түзүп кеткен Жаңы-Жер айылындагы “Айым” апалар тобу Зууракан Кайназарованын өмүр жолун театрлаштырып аткарышты. Айыл тургуну Кымбат апа Зууракан Кайназарованы даана өзүндөй кылып аткарып, көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзып Сары-Өзөн Чүй айымдар коомунун төш белгиси менен сыйланды.
Эскерте кетсек, Өткөн жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Айтибаев К.Г. катышуусу менен Зууракан Кайназарованыэскерүү иш чарасы өткөрүлгөн. Эскерүүгө райондун акими К.Айтибаев, орун басары Т.Ракимбаева, маданият үйүнүн башчысы З.Сагыналиева, ошондой эле айыл аксакалдары катышкан.
Турсун Омуралиева