Токтогул районунун Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнө жаңы автобус алынып келди.Аталган айылдын окуучуларын мектепке алып келип, кайра алып кетүү үчүн Екатеринбург шаарынан айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 340 000(үч жүз кырк)миң сом бөлүнүп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алынып келди.
«Качантан бери Омпош, Чеч дөбө айылдарындагы окуучуларды Ибраимов мектебине ташып келсек деп ниет кылып жүрдүк эле, айыл өкмөттүн бюджеттинен 300 000 миң сом бөлүп, калган акчасын, жол кире чыгымдарын, автобусттун документтерин Екатеринбургдагы жердешибиз Алтынбек Жанболотов жана башка жердештерибиздин жардамы менен бүткөрүлүп автобус алынып келинди» — дейт айыл өкмөт башчысы Мурат Сатаров.
«Русланга окшогон досторубуздун, жердештерибиздин колдоосу менен айылыбызга кошкон салымыбыз болсун, окуучуларды мектепке ташып, элибиз үчүн кызмат кылсын деп автобусту алып келдик» — дейт айыл тургуну Алтынбек Жанболотов.
Даярдаган: Азем Сабырбекова.