Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалар кышка карата даяр. Айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болду.
Бала бакчага түшүрүлгөн көмүр
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбек Кааровтун маалыматына карата быйылкы жылы айыл өкмөттүн аймагындагы мектептер жана бала бакчалар көмүр менен камсыз болушту. Жалпы 15 мектеп 15 бала бакча көмүр менен камсыздалды. 889 тонна көмүр толугу менен жеткирилип, айыл өкмөт тарабынан 4 миллион сом акча сарпталды. Мектептер жана бала бакчалар кышка толугу менен даяр.
Батырбек Кааров
Көмүр жагып жаткан учур
Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагынын К. Осмонова атындагы «Арык-Тейт нуру» балдар бакчасынын тарбиячысы, профком Мартава Эсенбаева 2024-2025-окуу жылында кышка карата даяр экендигин билдирди. Анын айтуусунда, айыл өкмөт мектептер жана бала бакчалар үчүн жакшы көңүл бурат.
Мартава Эсенбаева
«Көмүрлөрдү убагында түшүрүп беришти. Сапатына да абдан жакшы маани беришет. Таза, күйүмдүүлүгү жакшы сапаттуу көмүр түшүрүп беришти. Окуу бөлмөлөрдүн жылуулугу 20, 22,23 градуска жогорулайт. Учурда 25 тонна көмүр түшүрүлгөн.
От жагуучу кызматкерибиз да бар, күнү түнү от жагып турат. От казаныбыз да сапаты жакшы болгондук эч кандай кыйынчылык жок. Бакчадагы 100 баланын баары жылуу жерде каралат. Ата-энелер да тынчсызданбай балдарын бакчага жиберишет. Учурдан пайдаланып айыл өкмөт башчыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем.» -деп билдирди Мартава Эсенбаева.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева, Мухаммадамин Токтосунов