Эмдөө же вакцинация бул бала жаны төрөлгөндөн баштап эле жасалат. Баланы ар кандай коркунучтуу инфекциялардан сактоо, ооруп калган учурда да баланын абалы татаалдашып кетишин алдын алуу үчүн натыйжалуу ыкма болуп саналат. Ак-Талаа райондук жалпы даргерлик практикалык борборунун дарыгери Айсалкын Саламатованын маалыматына караганда эмдөө баланын ден-соолугуна коркунуч келбей турган учурда жасалат.
Айсалкын Саламатова Ак-Талаа РЖДПБнун дарыгери
Эмдөөнүн пайдасы
Негизи 1 жашка чейинки балдар өтө кооптуу, анткени ошол учурда инфекциялык оорулар жугуп калса татаалдашып кетиши мүмкүн. Ошол себептүү төрөлгөндөн 24 сааттын ичинде календарь боюнча кургак учукка, вирустук гепатитке каршы алгачкы эмдөө алышат. Анда соң эмдөө календарына ылайык 5 илдетке каршы пентавакцина(көп компоненттүү вакцина), андан сырткары пневмония, полимиелитке, ич өткөккө каршы эмделет. Ата-энелер эмдөөнү убагында алдырып турса иммунитет пайда болуп, жогорудагы илдеттерди жугузуп алуу тобокелдиги азаят, жуккан учурда дагы жеңил өтөт.
Эмдөө албай калган балдарда илдет жугузуп алган учурда кесепеттери оор болушу мүмкүн. Азыркы балдарга эмдөөлөр 10 оорудан сактайт. Негизи биз буга чейин деле бир нече ооруларды эмдөөнүн жардамы менен жоюп келгенбиз.Учурда эмдөөдөн баш тартуудан улам кызамык, кызылча илдеттери көбөйүп жатат.
Эмдөөдөн баш тарткандар болуп жатат
Эмдөөдөн диний көз караштагы ата-энелер баш тартышат. Талдай келгенибизде дарылардын курамында мусулманчылыкка каршы келген заттар бар деп айтышат. Бул туура эмес көз караш, имиштер. Ошондой эле балдары биринчи эмдөөдөнүн кыйыр таасиринен реакция берип, дене табы көтөрүлгөнүн көрүп албай койгондор да болот. Эл ичинде интернеттен ар кандай маалыматтарды окуп алышып, же ал айтты, бул айтты деп баш тарткандар да бар.
Убагында эмдөө албай калса, кайра канча убакыттан соң ала алат?
Эмдөө аларда кайсы бир себептер менен ала албай калса, кийин мүмкунчүлүгү болгон убакта келип ала берсе болот. Ал эми бала узакка ооруп калса, андан дарыланып жаткан болсо 3 айдан 6 айга чейин узак убакытка медициналык каршы көрсөтмөлөрдөн улам убактылуу бошотуу(мед.отвод) берилет. Сакайып келгенде эмдөөлөрүн алышат. Эмдөө албай турган абсолюттук көрсөтмөлөр да бар. Мисалы, айрым балдар биринчи эмдөөдөн анафилакциялык шок болуп, аллергия берсе, же оор өтсө кийинкилерин албайт.
Балдар үчүн да, чоңдор үчүн да эмдөөнү убагында алып туруу өз ден-соолугуна кам көрүү болуп саналат. Ошондой эле баланы бала бакчага жана мектепке киргизүүдө, чет өлкөгө чыгууда эмдөө албай калгандын зыяны тийиши мүмкүн.
Барчын Мамытбекова