«Менде декларация жөнүндө түшүнүк деле жок, толтуруп көргөн эмесмин. Себеби, биздин үй- бүлөнүн мүлктөрү бардыгы жолдошума катталган. Биздин үйдө жолдошум киреше алып келүүчү жана мен ага ишенем.»
Алдыда Кыргызстандагы көпчүлүк айымдар эмне үчүн декларация толтурбайт?-деген суроо алкагында даярдалган сюжетке көнүлүңүздү бурабыз.
Бул Суусамыр айылынын тургуну Элнура Адылбек кызы. Ал башка кээ бир келиндер сыяктуу эле бирдиктүү салык декларациясын толтурбайт. Өлкөдө мындай учурлар аз эмес. Буга көбүнчө келиндер күйөөсүнө ишенээрин же үй- бүлөнү эркек башкарыш керек деген жооп айтышат.
Анда түшүнүктүү болсун үчүн бирдиктүү салык декларациясы деген эмне, аны кимдер толтурат, эмне үчүн деген суроолорго жооп издейбиз.Талдоочу Максат Мамытканов, мыйзам эркек же аял дебей декларацияны бардыгы бирдей толтурууга милдеттүү экенин баса белгилейт.
«Коррупция менен күрөшүүнүн бир булагы катары 2010-жылы 21-январда Кыргыз Мамлекетинин Жогорку Кеңеши бирдиктүү салык декларациясы тууралуу мыйзам кабыл алган. Ошол көмүскөдө жаткан байлыкты, ачыкка чыгаруу, легализациялоо, салык төлөтүү негизги максаты болчу. Декларацияны ар бир жаран, ар бир ишкер, ар бир мамлекет кызматкери толтурат.»
Каарманыбыз Элнура Адылбек кызынын жолдошу Уланбек Дүйшөнөв мал чарбачылык менен алектенет. Алардын үй- бүлөсүнүн мүлкү өзүнө катталуу жана алар муну кадимки эле көрүнүш катары эсептейт:
«Биздин үй- бүлөдө өзүбүзгө жетиштүү мүлктөрүбүз бар, жана алар толук түрдө мага катталуу. Декларацияны да өзүм толтурдум. Эркек адам үй- бүлөнүн башаты, ошондуктан бардыгын өзүм кармап көзөмөлдөйм.»
Мындай пикирди туура деп калтырып койсок, эгер кокус үй- бүлө эки ажырым жолго түшсө, аялдар эч кандай мүлккө ээлик кыла албай калат дешет адистер. Бул анын андан кийинки жашоосун улантып кетүүсүнө кыйынчылык жаратат. ССР учурунда эркек адамдын айлык акысы аял кишинин маянасына салыштырмалуу көбүрөк болгон. Бирок, ССРдин таркашы менен көп нерсе өзгөрдү деген гендердик эксперт Бакен Досалиева төмөнкүлөргө токтолду:
«Негизи бул маселеге илгертен калыптанып калган стереотиптер себеп. Кийин коомчулуктагы өзгөрүштөр эркектерди жумушсуз калуу дегредациясына алып келди. Аялдар өзүнүн табышкердиги, амалкөйлүгү менен соода ж.б иштерди жасап үй бүлөөнүн материалдык жагын тарта баштады. Бирок ошондой учурда деле эркек кемсинип калбасын же ата статусун сактап калуу үчүн мүлктөрдү каттап беришет. А бирок ажырашуудан кийин аял киши же алимент төлөтө албай, же үй жайсыз калып калат. Бул аялдардын экономикалык абалын начарлатып, миграциянын өсүшүнө алып келет.»
Кыргыз коомунун аял эркек тең укуктуулгун камсыз кылууга, сактоого алыкелбей жатат. Канча аракет кылып, үн салганыбыз менен жогоруда айтылгандай көрүнүштөр токтобой уланууда.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы