Бишкек шарында “Балам үчүн кыргызча контент” деп аталган эркин талкуу форматында конференция өттү. Ага ата-энелер, бала бакча тарбиячылары, мугалимдер, жазуучу, сүрөтчүлөр, психолог, логопеддер жана басма үйлөрдөн, китеп дүкөндөрдүн өкүлдөрү жана журналисттер катышты.
Катышуучулар балдарга арналган китептердин аз болуп жатканын талкуулап, ошондой эле кыргыз тилиндеги сапаттуу контентти көбөйтүү зарылдыгына токтолушту. Психолог Нурзада Нурбаева дагы балдарга кызыктуу контентти көбөйтүү керектигине кошулат. Ошондой эле анын пикиринде ата-эне кыргыз тилинде сүйлөбөсө бала дагы бул тилде сүйлөбөйт:
“Ымыркай жаңы төрөлгөндө 6 айга чейин дүйнөнүн бардык тилине бирдей реакция кыла тургандай абалда болот. Андан кийин бала апасы сүйлөгөн тилди кабыл алып, түшүнүп баштайт. Андыктан эң алгач апалар менен иштөө зарыл. Ошондой эле кыргыз тилдүү чөйрө аз болуп жатат. Япониялык окумуштуулар изилдөө жүргүзгөндө. Бала үчүн кызыктуу болгон нерсе туура, ал эми кызыксыз болсо туура эмес деп түшүнүлөт деген жыйынтыкка келишкен. Бизде бардыгы көргөн ютубта башка тилдеги контент кызыктуу. Демек биз дагы кыргыз тилин балдар үчүн кызыктуу кылып үйрөтүү үчүн сапаттуу контенттерди көбөйтүүбүз арыл. ”
Конференцияга катышкан ата-энелердин дээрлик басымдуу бөлүгү балдарынын тили орус тилде чыгып жатканын көргөн соң бул көйгөй тууралуу ойлонуп башташкан. Ошондо китептердин, интернетте контенттин аздыгына күбө болушканын айтат.
«Бакдөөлөт» коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев тилди сүйлөш үчүн аны сүйүү керектигин белгилейт: “Азыр тилекке каршы баалуу нерсе баасыз, баасыз нерсе баалуу болгон аңтар-теңтер дүйнөдө жашап калдык. Багыттарыбыз, баалуулуктарыбыз, жашоонун мааниси, жашоо тартиби көп нерсе өзгөрдү. Тилди сүймөйүнчө биз кыргызча сүйлөбөйбүз. Кыргызча балдардын, неберелердин тили чыкпай жатканы анын ата-энесинин көз карашынын, баалуулугунун таасири. Кыргыздын тамырын, тарыхын, уңгусун билүү керек.”
Талкуудан сырткары «Турар» басмаканасы басып чыгарган дүйнөгө белгилүү 11 жомоктон турган жыйнактын жана Коомдук-саясий ишмер Элдар Абакировдун «Кичинекей кыз жана жетинчи жылдыз» китебинин бет ачары болду.
Айгерим Кубатбекова