Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара өтүп, ага аймактагы агартуучулар, ардагер мугалимдер, бала бакча тарбиячылары, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери катышты.Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, улуттук агартуу тармагынын 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналып, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Алгач Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Сыдыков кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндөгү, алгачкы агартуучулар жана мамлекеттик тилдин маани-маңызы тууралуу белгилеп, мааракелер менен куттуктады.
Ж.Сыдыков райондук БББнүн башчысы
Ал эми акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев бүгүнкү иш-чараны тарыхый мааниси бар деп белгиледи. Билим берүү тармагынын орду чоң экенин кошумчалап, мугалимдерди куттуктап өттү:
К.Эсеналиев акимдин орун басары
«А.Орозобеков, Ж.Абдырахманов, Т.Айтматов өңдүү аталарыбыз керт башы менен азыркы замандын келишине зор салым кошушкандыгын тарых тастыктап турат. Билим берүүнүн орду чоң тармак. Себеп бардыгы билимден башталат. Өлкөнү түптөш дагы, өнүктүрүү дагы билимге байланыштуу. Андыктан бардык агартуучуларды куттуктайм. Бүгүнкү ардагер агай-эжелер, билим берүүнүн башаты сиздер деп билем»- деди ал.
Ошондойэле райондун билим берүүсүндө кызматташ болгон мекеме жетекчилерине райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак грамота, ал эми ардагер мугалимдерге ыразычылык кат тапшырылды.
Айыл өкмөт башчыларына агартуу тармагына кошкон салымы үчүн Грамота тапшырылууда
Окуучулардын саламаттыгын сактоодо көмөктөш болгон РЖДПБна Ардак Грамота тапшырылды
Агартуу тармагында кызматташ болгон мекеме жетекчилерине сыйлук тапшыруу
Ардагер мугалимдерге ыразычылык кат тапшырылды
Райондун аймагынан келген ар бир ардагер мугалимдерге ыразычылык кат тапшырылды
Салтанаттуу иш-чара 3 бөлүктөн туруп, алгачкы бөлүгүндө Э. Карасартов атындагы өрто мектебинин мугалимдери тарабынан даярдалган өлкөнүн түптөлүшү тууралуу сценка көрсөтүлдү.
Э.Карасартов а.о.м жамааты Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү боюнча сценка коюуда
Ал эми 2-бөлүк аймактагы алгачкы билим берүүнүн абалы, алгачкы агартуучуларга арналып, «Алтын-Муун-Наристе» бала бакчанын жамааты даярдаган видео көргөзмө жана “Агай” кинотасмасынан үзүндү коюлду.
«Алтын-Муун-Наристе» балдар бакчасынын жамааты «Агай» кинотасмасынан үзүндү коюуда
Мамлекеттик тилге арналган 3-бөлүктү М.Балбаков атындагы мектептин жамааты даярдап, жазуучу Ч.Айтматовдун “Бугу-Эне” жомогун сахналаштырышты.
М.Балбаков а.о.м мугалимдери Ч.Айтматов «Бугу-эне» жомогу
Мындан сырткары ардагер мугалимдер куттуктоо сөз сүйлөшүп, аймактагы агартуу ишинин тарыхына токтолушту.
Ардагер мугалимдер маараке менен куттуктоодо
«Алтын-Муун-Наристе» балдар бакчасынын жамааты
М.Балбаков а.о.м мугалимдер жамааты
Э.Карасартов а.о.м жалпы жамааты
Салтанаттуу иш-чара аталган мектеп-бала бакчалардын өнөрпоз мугалим-тарбиячыларынын ыр-бийлери менен коштолду.
Барчын Мамытбекова