Эне тукум жаратуусу, адам баласына мээрим төгүп, муунга тарбия берип, үйдү үй кылып, мамлекеттин пайдубалын түптөп, улуттун тилин, дилин, каада-салтын муундан-муунга өткөргөндүгү менен эне улук.

Баласы кубанса кудуңдайт, кыйналса кайгыга чөмүлөт, баласынан күткөн нерсесин көрө албаса, ага эч качан таарынбайт.Анткени, анын табияты, мээримдүүлүгүнүн адеби менен бүтүндөшкөн.Жер омкорулуп, кыямат болсо да, жер бетин топон суу каптап,кыямат болсо да ал өзүн унутуп коюп, перзентим деп баласын гана издеп турат.Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылынын тургуну 87жаштагы баатыр эне Жүкүл Чокморова менен маек курдук: “Чабан болуп, кой кайтарып, кыйынчылык менен жүрбөдүкбү, ден соолук болбой, 12 бала тарбияладым.Эми баарысы жакшы эле азыр кудайга шүгүр, аман эле болуп турат.Колунан келгенин жардам берип атат.Бир балам иштейт.Бир балам Бейшенбек деген жер иштетип иштейт. Андан башкасы өз оокаттары менен жашап атышат”.
Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленет.Кыргыз өлкөсүндө энелердин статусун жана ролун жогорулатууга жана мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында бул күн белгиленген.Бул туурасында Гендердик эксперт Гульбарчын Жумабева “Энелер күнү кандай майрам” деген суроо менен кайрылдык: “2012-жылдын 23-апрелинде Кыргызстандын мурунку президенти тарабынан энелер май айынын үчүнчү жумасынын аягында энелер кунун белгилөө жарлыгына кол коюлган.Кыргызстанда татыктуу жарандарды тарбиялоодо, ролу чоң экендиги баарыбызга белгилүү.Ошондуктан энелерге, жаш энелерге, чоң апаларыбызга, аскер кызматында кызмат кылган энелерге, жалгыз бой энелерге, баардык Кыргызстандык энелерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурдуруу”
Эне кыргыз элинде, эзелтеден эле аялзатын, энени кадырлоо, урматтоо, салтты коомдук жашоо негизинде уюткуларынан ошондуктан, Курманжан датка сыяктуу өз элинин келечегин,эртеңин ойлоп, иш кылган энелер. “Жергиликтүү бийлик энелерге кандай деңгээлде көнүл бөлүнөт”бул туурасында Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова мындай дейт:“Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 59 баатыр эне ал эми 28 эне даңк бар.Президентибиздин жарлыгына ылайык, май айынын 3 жумалыгы Энелер күнун өткөрүп келебиз. Энелерге көңүл буруу менен энелерибиздин ак батасын алып, көнүл буруу менен энелерибиздин ак батасын алып, көнүл буруп туруу ар бир атуулдун милдети болуп саналат. 19-май Энелер күнүнө карата 59 баатыр энелерибизди чакырып, өкмөт тарабынан белектер берилди.Бизди кубантканы жылына жаш баатыр энелердин көбөйүп жаткандыгы”.
Эне тукум жаратуусу, адам баласына мээрим төгүп, муунга тарбия берип, үйдү үй кылып, мамлекеттин пайдубалын түптөп, улуттун тилин, дилин, каада-салтын муундан-муунга өткөргөндүгү менен эне улук. Карыялар Кеңешинин төрагасы Молдобек Эпеевден “Энелердин үй-бүлөдөгү, коомдогу орду тууралуу” төмөндөгүчө оюн айтты: “Жарык дүйнөгө адамдарды алып келип, жаратканда энелер.Дүйнөдө тынчтыкты сактап келген да энелер.Бизден мурун өтүп кеткен Кыз Сайкал, Жаңылмырза,Каныкей, Курманжан даткаларда сыяктуу дүйнөнү сактап, кыргыз элинин өзүнчө эл, болушуна, дүйнөнү сактап, кыргыз элинин өзүнчө эл болушуна, улут болуп,дүйнодө сактап калышына, каада-салты, үрп адаты, тили,дили, ушунун баарысын сактап келишине салым кошуп, келген ушул энелер”
Эне үйдүн куту, мамлекеттин туткасы.Эркектер коомдо кандай орунда иштеп, өркүндөтүп келатса, энелер андан да ашып үйдү дагы, мамлекеттин өсүшүнө зор салым кошуп келе жатат.
Эске салсак, дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттерде Энелер күнү белгиленет.
Даярдаган: Анара Мааметова