Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Аны белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган.
Учурда 8-март дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. Дал ушул күндүн урматына Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинин окуучулары айылдагы апаларга майрамдык маанай тартуулашты.Аталган иш чарага айылдын асылзат айымдары жана мектеп мугалимдер жамааты күбɵ болушту. Салтанат “Энекем менин бейишим” –деп аталып, мектептин “ Учкун” балдар уюму уюштурган.
Майрамда мугалимдер жана баатыр энелерге сɵз берилип, каалоо- тилектер айтылды. Сонунда окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Сонунда окуучулар ɵз колунан жаралган белектерин айымдарга тартуулашты.
Даярдаган: Орозбай Тɵкүнов