Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин буйругуна ылайык, 2017-2018 окуу жылында новатор педагог Гапыр Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- программасын жалпы облус боюнча мектептерге жайылтуу иштери активдүү жүргөн. Окуу жылынын соңунда бардык катышкан ата-энелердин эмгегин баалоо үчүн «Эң мыкты үй-бүлө» жана «Эң мыкты эне» сынактарынын биринчи туру мектептерде, экинчи туру район- шаарларда болуп өтүп, жеңүүчү болгон эң мыктылары облустук турга катышты.

Жыйынтыгында Сүлүктү шаарынан катышкан Калима Акжоловага «Эң мыкты эне» наамы, Сүлүктү шаарынан катышкан Бакытбек Сапаркуловго «Эң мыкты үй-бүлө» наамы ыйгарылып, тиешелүү дипломдор менен сыйланышты. 
Кабарчы: Анварбек ТУХТАРОВ