«Жыл мугалими -2018» сынагынын облустук турунда Сүлүктү шаарынан катышкан, №9- мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим Дилара Шералиева 2-орунга жетишти.
Сынакка Баткен облусу боюнча 3 шаар, 3 райондон бирден жеңүүчүлөрү жана облустук гимназиядан бир мугалим болуп, жалпысынан 7 мыктылардын мыктысы ат салышты. «Дилара Шералиева- билими менен жана топтогон тажрыйбасы менен Сүлүктү шаары боюнча сынакта «Эң мыкты» деп табылып, облустук турда байгелүү 2-орунга жетишкени гимназиябыз үчүн эле эмес, жалпы шаарыбыз үчүн сыймык болду»- деп билдирди аталган окуу жайынын директору Базаргүл Рустамова. Облустук турда 2- орунга жетишкен, Дилара Шералиеваны кепке тартканыбызда: «Ийгиликке жетүүмө педагогикалык чеберчилик сырларын үйрөтүп, мугалимдин түйшүктүү ишинде шыктандырып келген директорубуз Базаргүл Саттаровнага жана ар тараптуу колдоо көрсөтүп, тажрыйбасынан бөлүшүп келген эмгек жамаатымдагы кесиптештериме терең ыраазычылык билдиремин. Өзгөчө облустук турга чейин колдоп келген мугалимдер Диларам Абдурупова, Кымызай Айдарова, Чынара Токонова, Наргиза Бадиева, Кымызай Акматова жана Жаңылай Эрматовалардын жакындан жардамы үчүн ыракмат»- деп маалымат берди.
Кабарчы: Айзада Эркинова