Кыргызстанда энелердин жана балдардын саламаттыгы олуттуу маселелердин бири бойдон калууда. Репродуктивдик ден соолук боюнча адистердин айтуусунда, алдын алууга мүмкүн болгон көптөгөн тобокелдиктерди туура маалыматтын жана билимдин жетишсиздигинен улам трагедиялуу кесепеттерге алып келүүдө. Бул тууралуу “Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы” коомдук фондунун директору Бактыгүл Бозгорпоева айтып берди.
Репродуктивдик ден соолук бул адамдын ден соолук абалынын жыныстык жана тукум улоо жөндөмдүүлүгүнө байланышкан абал. Башкача айтканда, бул ар бир адам өз каалоосу менен, коопсуз шартта, ден соолугуна зыяны тийбестен ата-эне болуу укугуна ээ болушу. Репродуктивдик ден соолук төмөнкү беш негизги багытты камтыйт:
1.Үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси;
2.Ар бир бала төрөлгөндөгү аралыкты сактоо;
3.Коопсуз энелик шарттарды камсыз кылуу;
4.Өспүрүмдөрдүн жыныстык өнүгүүсүн түшүндүрүү;
5.Жыныс органдарынын рагы жана анын алдын алуу.

Бул темалар ар бир үй-бүлөнүн, ар бир ата-эненин түшүнүшү керек болгон негизги маселелер.
Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европада биринчи орундарда. Айрым учурларда бул көрсөткүч боюнча Тажикстан менен алмашып, Кыргызстан 1-2-орунда турат. Бул өтө тынчсыздандырган жагдай. Статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл сайын Кыргызстанда 140 миңге жакын төрөт катталат. Алардын ичинен 10миң деген аялдар жылына эки ирет төрөйт, бул болсо саламаттыкка олуттуу залака тийгизет.
Энелердин өлүмүнүн негизги себептери төмөнкүлөр:
•Төрөттөр ортосундагы аралыкты сактабагандыктан организмдин алсырап калышы;
•Кан аздык (анемия);
•Кан басымдын жогорулашы;
•Медициналык тыюуга карабастан кош бойлуулукту улантуу;
•Үй-бүлөнү жана төрөттү пландабастан төрөө.
Мындан тышкары, медициналык эмес себептер да бар. Алардын катарында жол кырсыктары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук. Бактыгүл Бозгорпоева мындай учурлардын биринде боюна бүткөн аял күйөөсү тарабынан сабалып, жатыны жаракат алып каза болгонун мисал келтирди. Бул өтө оор, бирок коомдо орун алып жаткан чындык.
Кыргызстанда жыл сайын 2000ден ашуун бала майыптыгы менен төрөлүп жатат. Бул көрсөткүчтөр коомдогу жалпы ден соолук маданиятынын начардыгын, алдын алуу иштеринин жетишсиздигин көрсөтөт. Генетикалык оорулардын өтүшү тууралуу эл арасында жетишсиз түшүнүк бар. “Жети атаны бил” деген накыл сөздүн артында, генетикалык тобокелдиктерди да билүү зарылдыгы жатат. Ошондуктан кош бойлуулукка чейин медициналык кароодон өтүү, генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү — келечек муундун саламаттыгына кам көрүүнүн негизги жолу.
Ошондой эле өспүрүм куракта жыныстык тарбия берүү, жыныс органдарынын рагы тууралуу маалымат берүү, ден соолугуна жоопкер мамиле кылууга үйрөтүү бул да репродуктивдик ден соолуктун бир бөлүгү. Бул иштерге мектеп, үй-бүлө, коомчулук биргеликте аралашуусу керек.
Репродуктивдик ден соолук – ар бир жаранга тиешелүү болгон укук. Аялдар өз ден соолугуна кам көрүп, төрөттү туура пландап, балага саламаттуу шарт түзүүгө тийиш. Бул багытта коомчулук, билим берүү мекемелери жана мамлекеттик түзүмдөр күчтүү иш алып баруусу зарыл.

Эне менен баланын өмүрүн сактоо бул улуттун келечегин сактоо. Ошондуктан, маалымат берүү, түшүндүрүү, алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүрүшү керек. Ар бир бала пландалган, кааланган жана коопсуз шартта төрөлүүгө татыктуу. Ар бир эне — жашоонун булагы, ал көздүн карегиндей сакталышы керек.
Айпери Марлесова