Жайдын аптаптуу күндөрү келгенде элдин көбү эс алуу үчүн көл жээктерине, дарыя бойлоруна агылат. Суунун салкын агымы чарчоону жазып, көңүлдү сергитет. Бирок дал ушундай учурларда кырсыктар да көп катталат. Жыл сайын ондогон адамдар, алардын ичинде балдар да бар, суудан жапа чегип, кээ бирлери өмүрү менен кош айтышат.

Сууга түшүү – эс алуу гана эмес, жоопкерчиликти талап кылат. Эгер жөнөкөй, бирок маанилүү коопсуздук эрежелерин сактабасак, бир мүнөттүк кайдыгерлик өкүнүчкө айланышы мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери белгилегендей, агымы катуу жерлерге, тереңдиги белгисиз көлмөлөргө түшүүгө болбойт. Андай жерлерде суу астындагы чөптөр бутка илинип, адамдын кыймылын чектеп коюшу мүмкүн. Эң негизгиси кичинекей балдарга көз салып, эч качан сууда жалгыз калтырбоо керек. Балдардын коопсуздугу чоңдордун колунда.
Мындан тышкары, спирт ичимдиктерин ичкен соң сууга түшүү өтө коркунучтуу. Мас адам өз кыймылын көзөмөлдөй албайт, бул болсо суу алдындагы кырсыктардын башкы себептеринин бири болуп эсептелет. Ошондой эле катуу шамал болуп жатканда, же аба ырайы начарлаганда, сууга түшүү кооптуу.
Эс алуу үчүн колдонулган үйлөмө буюмдар – резина матрацтар, көп учурда коопсуз эмес. Алардын жарылып кетиши, алыстан жардам чакыруу мүмкүн болбой калган учурлар да бар. Ушундай нерселерге ишенип, терең жерлерге сүзүп кетүү чоң тобокелчилик.

Эгерде адам суунун ичинде өзүн жаман сезип калса же коркунуч жаралса, биринчи кезекте тынч болуу керек. Катаал кыймылдарсыз, дем алууну жөнгө салып, салмактуу түрдө суу бетинде калууга аракет кылуу адамды аман алып чыгуучу негизги кадам болуп саналат. Куткаруучулар айтышкандай, коркуу менен арсар кыймыл курмандыкка алып келет.
Катерде, кайыкта эс алып жаткан учурда да эрежелер бар. Түн ичинде же катуу шамал учурунда суу транспортуна чыкпоо керек. Мас абалында кемеге отуруу да кооптуу. Ар бир жүргүнчү куткаруучу күрмө кийип, сактык чараларын билип турушу зарыл.
Кээде “мен жакшы сүзө билем” деген ишеним да коркунучтуу болушу мүмкүн. Анткени кырсык жөн гана сүзүү жөндөмүнө эмес, күтүлбөгөн жагдайларга байланыштуу болот. Ошондуктан, коопсуздук эреже эмес, көнүмүш адат болушу керек.
Эрежелер– сиздин жана жакындарыңыздын өмүрүн ойлоого болгон чакырык. Бир көз ирмемде болгон кайдыгер кадам чоң жоготууга айланышы мүмкүн. Ошондуктан, эс алууну эрежелер менен айкалыштырып, өзүбүздү жана балдарыбызды коргойлу.
Айпери Марлесова