Жай айларында чаң, шамал жана суу менен байланыш көбөйгөндүктөн, көз оорулары да күчөйт. Соңку убакта эл арасында көздүн кызарып, ириңдеши башкача айтканда, конъюнктивит оорусу көп кездешүүдө. Бул тууралуу офтальмолог Айсаада Акматова түшүндүрүп берди.

Конъюнктивит — көздүн былжыр челинин сезгенүүсү. Оору көздүн кызарышы, жаш агышы, ириңдеши, ачышуусу жана эртең менен көз кабагынын жабышып калышы жана чылпак чыгуусу сыяктуу белгилер менен коштолот.
Оорунун негизги себептери — вирус, бактерия же сырттан келген аллергендер. Вирустук түрү көбүнчө суук тийүүдөн же жугуштуу адамдар менен байланыштан улам пайда болот. Бактериялык конъюнктивит болсо кир кол, чаң, же көзгө түшкөн микробдордон улам болот. Өзгөчө жай мезгилинде бул оору көп кездешет. Гирбоктук түрү да көп кездешет. Бул бассейиндеги суулар алмашпаса жугат.
Айрым адамдардын көзү табиятынан сезгич болот. Өзгөчө балдар, иммунитети төмөн адамдар, контакт линза тагынгандар, чаңдуу чөйрөдө иштегендер же гигиенаны сактабагандар бул оорууга көбүрөөк кабылат.
Дарылоодо оору эмнеден келип чыкканын аныктоо маанилүү. Вирустук түрүнө симптомдук дарылоолор колдонулат, бактериялык түрүнө болсо антибиотик кошулган көз тамчылары жазылат. Бирок эң маанилүүсү — дарыгерге кайрылуу. Өз алдынча дарылоо туура эмес натыйжа берип, көздүн көрүүсүн начарлатып же өнөкөткө айландырып коюшу мүмкүн.
Көздүн саламаттыгын сактоо үчүн гигиена башкы орунда турат. Колду самындап жууп туруу, башкалар менен сүлгү же көз айнекти бөлүшпөө, көздү ушалабоо жана көзгө ылайык келген тазалыкты камсыз кылуу шарт. Эл арасында кеңири колдонулган элдик ыкмалар мисалы, чай, чөп же сүт тамчылатуулар — тескерисинче, көздү жугуштуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындай ыкмаларды колдонбоо сунушталат.
Алдын алуу эң мыкты коргонуу. Иммунитетти чыңдап, витаминдүү азыктарды колдонуу, чаңдан, шамалдан сактануу жана өздүк гигиенаны кармануу аркылуу конъюнктивиттен сактанууга болот. Айрыкча ата-энелер балдарына көздүн тазалыгы тууралуу эрте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл.
Айпери Марлесова