Көчүлүк айыл тургундары балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү убагында албай жүрө беришет. Анткени баланын төрөлгөндүгүн тастыктаган төрөт үйүнөн берилүүчү форма 103 жоготуп жиберишет, же аны албай кетишет. Айтор себептери ар кандай.
2019-жылы райадмистрациянын буйругу менен жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана мугалимдер айылдардагы үйлөрдү кыдырып, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр барбы жокпу атайын иликтөө жасалган. Жыйынтыгында 14 баланын туулгандыгын тастыктаган документтери жок болуп чыккан.
Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Улук Бегалы уулу:
«10 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилген. Ал эми 6 баланын документтери ар кандай себептер менен толук боло элек. Анткени, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн керектүү кагаздарды топтоо узак убакытты талап кылат, ата-энесин жана алардын документтерин табуу, бала төрөлгөн төрөт үйүнөн форма 103 алуу сыяктуу документтерди топтоо үчүн көп убакыт керек»,- дейт.
Ички жана тышкы миграциядан улам келүү, кетүү болуп тургандыктан балага документ албай жүрө берүү токтобойт. Бирок, баланын төрөлгөндүгүн тастыктаган эң маанилүү документ болгондуктан аны өз убагында алуу маанилүү экендигин кошумчалады Улук Бегалы уулу.
«Күбөлүгү жок балдардын көбү мектеп жашындагы балдар. Арасында 1 жаштагы бир бала бар. Айрымдар төрөлгөндө берилүүчү 103 деген форманы албай же жоготуп жиберишкен, же чыгынбай жүрө беришет. Бала төрөлгөндөн кийин 2-3 күндөн кийин таштап кеткендер дагы бар. Мына ушул балдарга күбөлүк алып берүү кыйынга турат.Анткени баланын ошол төрөт үйүндө төрөлгөндүгүн тастыктаган документ энеге жана социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлерине гана берилет»,- деди.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк эмне үчүн керек? Макаланы окуңуз
Барчын Мамытбекова