Кочкор районунун Эпкин айылында 14-ноябрь күнү заманбап ФАПтын ачылуу аземи болуп өттү. Учурда ФАП толугу менен бүтүп ишке берилди. Жаңы имаратка ээ болгон дарыгерлердин кубанычы чексиз.
Турган Чоморова Эпкин ФАПынын башкы дарыгери:
«Мен Эпкин Фабында 2011-жылдан бери фельдшердик кызматта иштейм. Бизде бул убакытка чейин 1968-жылы салынган бир бөлмөлүү фап менен гана иштеп келгенбиз. Бүгүнкү күндө болсо ушул Катар мамлекетинин жардамы менен 7 бөлмөлүү фап салып беришти. Имарат былтыр 2021- жылы март айында башталып, кымбатчылык болуп каражаттын жетишсиздигинен токтоп калган эле. Ал эми быйыл 2022-жылдын сентябрь айында кайрадан башталып, бир айдын ичинде бүттү. Бизди ушундай жаркыраган жаңы, ыңгайлуу фапка киргизип кошо алып келип беришти.
Жалпысынан 2 миллион 800миң каражат сарп кылынды. Биздин айылда 1500 калк бар. Анын ичинен 5жашка чейинки балдардан 132, бир жашка чейинкилер 20, 15 кош бойлуу келин бар. Андан сырткары Эпкин айылыбызда ооругандардын саны көп. Азыр кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөк кан тамыр оорулары менен ооруган инсандар арбын. Алардын бардыгы каттоодо турушат. Буюрса аларды жакшылап дарылап, туура кеңеш бергенге аракеттенип иштеп жатабыз. Өз билимибизди жаңыртууга, кезек-кезеги менен семинарларга барып турабыз. Катар мамлекетинин өкүлдөрүнө да ыраазыбыз».
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Өмүрбеков Азизович:
«Бүгүнкү болгон иш-чарабызда өтө жакшы нерселер болду десем жаңылышпайм. Себеби, көптөн бери биздин Эпкин айылыбызда ФАП бүтпөй жатып, жаңы бүтүрүлдү да ишке кире баштады. Бул жылуу, суусу бар, ыңгайлуу шарттагы заманбап десек туура болчудай. Буюрса жаңы медиктер алардын элге кылууда, ден-соолугуна кам көрүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлдү.
Эпкин айылыбыздын тургундарына, жана башка айылдын тургундарына жакшы кызматын көрсөтөт деп ишенем. ФАП «Катар» коомдук уюму тарабынан курулду. Биз ушул «Катар» коомуна ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ичиндеги эмерек жабдуулары менен ошондой эле Кочкор районунун борбордук ооруканасынан дагы аппараттар, кошумча жабдуулар бөлүнүп берилди. ФАП менен кошо мечит да курулду. Бирок экөөнү тең «Катар» коому каржылап берди. Мечитте болсо жылуулук системасы жана кичине жабдуулар житишсиз. Аны айыл өкмөтүнүн, айыл тургундарынын жардамы, колдоосу менен өзүбүз бүтүрөбүз деген үмүттөбүз».
Кусейин Марат уулу