Кыргызстанда эркектердин саламаттыгына байланышкан маселе өлкөдөгү эң курч көйгөйлөрдүн бири болууда. Анткени алар дээрлик алдын алуу чараларын көрүшпөйт. Себеби, коомчулукта калыптанып калган айрым түшүнүктөргө көз каранды жашап келишет.
Гендердик эксперт Бакен Досалиева эркектердин саламаттыгына эл арасында калыптанып калаган түшүнүктөр, ден соолугуна кам көрүүдө айрым терс таасирин тийгизген факторлор бар экенин баса белгилейт:
«Эркектер өздөрүнүн ден соолугуна анча көп көңүл бурушпайт. Анткени бала кезинен эле “Сен эркексиң”, “Ыйлабашың керек, “Байкуш болбошуң керек”, “Арызданып келбешиң керек” деген тыюулар жана стереотиптүү көз караштар бала кезинен эле психологиясына үй бүлөсү тарабынан жана коомчулук тарабынан сиңирип коюшкан. Анын үстүнө кыргызда ден соолукка көңүл буруу маданияты начар.»
Мындай түшүнүктөр менен жашаган эркектердин көпчүлүгү убагында дарыгерге кайрылышпайт. Ушундан улам эркектер оорулар тууралуу жана анын алдын алуу жолдорун билишпейт
«Эркектерде репродуктивдик органдардын оорусу жөнүндө сөз кылуу уят же тыюу сыяктуу мамиле жасашат. Ошондуктан эркектер ден соолукка анча көп көңүл бурбагандыктан оорулар жөнүндө, дарылануу, алдын алуу процедуралары боюнча маалыматы жокко эсе. Өзгөчө айыл жергесинде эркектер оорусун айтуудан тартынышат. Муну менен катар эркектердин саламаттыгына кам көрүүдө айрым терс таасирин тийгизген факторлор да бар. Бул ден соолугуна карата үй бүлө каражатынын тартыштыгы.Врачтардын кайрылган оорулар боюнча купуялуулукту сактабагандыгы, дарылануунун кымбаттыгы, формалдуу эмес врачтардын акча алышы, калктын дарылануу боюнча маалыматынын жоктугу жана башка дикриминациялык факторлор.»
Элетте калыптанып калган айрым түшүнүктөр эркектердин саламаттыгына таасир тийгизбей койбойт. Айыл тургуну Улан Абылаев стереотиптүү көз караштарды четке кагат.
Улан Абылаев
«Негизи айыл жергесинде эркек мырзалар саламаттыгын чыңдоо үчүн профилактика максатында дарыгерге кайрыла бербейбиз да. Себеби, биздин ата бабаларыбыздан ушул сакталып калган. “Эркек адам үй бүйлө башчысы, оорубаш керек, чыдамкай болушу керек” деген ойдо жашап келебиз. Бирок азыркы замандын нугуна жараша эркек жолдош болобу, аял жолдош болобу, деги эле коом азыр ден соолугун чыңдап жүрүш керек. Ден соолук болсо үй- бүлөң да жакшы каралат. Акыркы эки жылдан айылдын мырзалары январь, февраль айларында акциянын негизинде профилактика максатында дарыгерге кайрылып, консультация алып, ден соолугубузду чындоо үчүн көп жакшы маалыматтарды алып, ошонун негизинде иш алып барып келебиз.»
«Жооптуу бол» акциясынын негизинде Казан-Куйган айылындагы ҮДТда кезекте турган эркектер
Акылай Алмазбекова