Кыргыз мамлекети Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында, адам укугунун корголушу боюнча индекстик көрсөткүчтө, алдыңкы саптардын биринен орун алган. Ошондой болсо дагы республикада адам укуктарынын тепселениши,ар кандай зордук-зомбулук боюнча фактылардын аягы сууй элек. Алсак Бириккен улуттар уюмунун аялдар агенттигинин изилдөөсү боюнча үй-бүлөдөгү зордук – зомбулуктан жабыркагандардын арасында 58% аял,18% жаш балдар жана 13% кары-картаңдар, 7% эркектер. Адистердин айтымында айтылган көйгөй менен бүткүл коом биргеликте күрөшпөсө, эч кандай натыйжа болбойт.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын айтымында бул маселеде коомчулук кайдыгер мамиледе. Айрыкча аялдарга мамлекет тарабынан көп көңүл бурулбай жатат.
«Акчанын жетишиздиги, мамлекет тарабынан бардыгы камсыздандырылган болсо айымдар иштейт. Биз ошого экономикалык жактан түрткү беришибиз керек. Экинчи жак, биз аң-сезим менен иштешибиз керек. Ар кандай программалар кыздар менен иштешибиз керек. Ийгиликтүү кыз деген сыяктуу, кыздар билим алыш керек, спорт менен машыгыш керек, ар кандай мүмкүнчүлүктөрү болуш керек, чет тилди билиш керек, ошондо билимдүү болуп ресуртары көбүрөөк болот. Изилдөөлөргө карасак, билимдүү кыздар зордук-зомбулука кабылбайт.
Эл аралык серепчилер Кыргызстанда бул багытта күчтүү мыйзамдык база бар экендигин, бирок ал толук иштей албай жаткандыгын, эң биринчи эле себеп, бул жабыркаган адамдардын пассивдүүлүгү менен байланыштырышкан. Алар жабыркоочулар көп учурда укук коргоо органдарына кайрылышпастан, зордук-зомбулук турмушка чыдап жашап келе жаткандыгын белгилешкен.
Гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаева, айымдарды өз укугун коргошко үндөгөн адистердин бири. Ал белгилегендей, мурда зордук-зомбулуктун аз гана түрү болсо азыр «зомбулук көрсөтүүнүн формалары көбөйүп кетти»,- деп кабатырланууда.
«Дүйнөлүк изилдөөлөргө ылайык, зомбулук биздин жашообузга норма болбошу керек анткени ошол зомбулук жасаган аталар-апалар ойлонуулары керек. Чыр-чатактуу үй-бүлөдө чоңойгон эркек бала сөзсүз эртең өзүнүн үй-бүлөсүнө зомбулук жасайт. Бул деген улгайган кезде дайыма үй-бүлөсүнө көңүл бурбай, балдарына татыктуу тарбия берүү жөнүндө ойлонбой жүргөн ата, улгайган кезинде баласынан мээрим ала албайт дегенди билдирет».
Адистер өлкө аймактарында зордук-зомбулуктун көп болорун изилдеп чыгышкан, бул тууралуу бир нече жолу кулак кагыш кылышты. Суусамыр айылынын тургуну Асаналиев Зоодан зордук- зомбулукка каршы биринчи мамлекет күрөш жарыялаш керек деп эсептейт. Каржылык каатчылык буга түздөн-түз тиешеси бардыгын белгилейт.
«Негизи эле көйгөй экономикалык жактан көп көз каранды. Жоюп жибериш кыйын, бирок мамлекет ошол жакты жакшылап караш керек, иштебегендерге жөлөк берсе, жардам көрсөтсө, иш менен камсыз кылса анан адамдын аң-сезимин өнүктүрүүчү программаларды иштеп чыкса зордук-зомбулуктар азаят деген ойдомун».
Кыргызстан шартынан алып караганда, зомбулук маселеси боюнча коомдук уюмдар гана иштеп келатат, мамлекет бул маселеде олуттуу мамиле кылууга жетише албай жатат, алардын бири Бишкек шаарындагы «Эркектер зомбулукка каршы» коомдук уюму, анда эркектердин укугун коргоо жана зордук –зомбулукту азайтуу, анын алдын алуу боюнча иш чаралар өтүп турат аталган уюмдун жетекчиси Марат Алиаскаров эркектерге туура багыт берүү аркылуу зордук –зомбулукка каршы турууга болоорун айтат.
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту басаңдатуу боюнча көптөгөн иш-аракеттерди жумшаш керек. Аял дагы, эркек дагы бул боюнча өздөрүнүн жүрүм-турумдарынын үстүндө иштеш керек. Мамлекет жана коомчулук тараптан зомбулуктуу азайтуу боюнча маалыматтарды таркатыш керек. Зомбулук фактылары көп учурда билбестиктен жана ошондой эле үй-бүлө мүчөсүнүн аброюна шек келгендиктен болуп келе жатат. Ар бир үй-бүлө зомбулукка каршы туруу максатында кандайдыр бир баалуулуктарды иштеп чыгыш керек».
Марат Алиаскаров үй-бүлөлүк баалуулуктарды көтөрүү аял менен эркекке зомбулук кылбоо, туура багыт берүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алыскы аймактарга ушул сыяктуу маалыматтарды жеткирүү керек экендигин белгилейт. Ал эми айрым гендер маселеси боюнча адистер жер-жерлерде кризистик борборлорун ачуу, айымдарга укуктук жактан акысыз кеңеш берүү тууралуу кеп-кеңештерин айтышат. Ошону менен бирге зордук-зомбулукка каршы коомчулукту олуттуу мамиле кылууга чакырык кылышууда, бирок кайдыгер мамиледен улам зомбулук фактыларынын көбөйүшү бул маселеде аяр мамиле жасаш керек экендигин көрсөтүп койду.
Даярдаган: Анарбек Калдыков