Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл аймагында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болду. Иш-чарага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана анын жашообузга тийгизген таасири, сынчыл ой-жүгүртүү жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу маалымат ала алышты.
Сары-Булуң айыл аймагында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болду
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Сары-Булуң Жамааттык мультимедиа борбору өткөрдү. Семинардын катышуучуларынан Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары фейк маалымат тууралуу ой-пикирин укту.
“Телефон ойнотуп жатабыз, сиз утуп алууңуз мүмкүн”, — деген телефон чалууга Касиет Сыдыкова ишенип акча которгон. Бирок, ал бир канча убакыттан кийин алданып калганын баамдаган. Фейктер эң ириде биздин жеке маалыматтарыбызды алуууга аракет кылат дейт ал.
Касиет Сыдыкова
Касиет Сыдыкова: “Ооба, социалдык медианын өнүгүүсү менен мен дагы көп адамдардай эле жалган, фейк маалыматтарга туш болгон учурум болду. Көп жалган маалыматтарга мен инстаграм жана фейсбуктан туш болом. Алардын фейк экенин кантип билдим? Көпчүлүгү эле дароо менин атымды, жашымды жана жашаган дарегимди, электрондук дарегимди сурап келип, сага ушундай акча которулат деп айтат. Ошондо эле алар менден паспортумду, банктык картама тийиштүү маалыматтарды дагы сурашат”.
Айылдык кеңештин депутаты Жаңыл Келгенбаева фейк маалыматтар бир гана күнүмдүк жашообузда эмес, шайлоо маалында да активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи.
Жаңыл Келгенбаева: “Шайлоо маалында жыйынтыктоочу отчет чыга электе эле мынча талапкерге мынча добуш берилди деген маалымат тарап кетти. Ошол маалыматтарга тургундар, шайлоочулар ишенип алышты. Бирок, ал маалыматтар чындыкка дал келбейт эле”.
Баймырза Куттубек уулу акча салып коюп, алданып калгандар арабызда көп дейт. Ал, маалыматка ишенүүдөн мурда, канчалык чындыкка дал келет деп сын көз-караш менен анализдөөгө чакырды.
Баймырза Куттубек уулу: “Фейк маалыматтарга социалдык медиада көп эле туш болуп жүрөбүз. Көпчүлүгү акчалай сыйлыктар бар деп кызыктырууга аракет кылат. Мен мындай маалыматтарга ишенүүдөн, кабыл алуудан мурун ойлоном. Албетте, ким эле алданып калгысы келет. Бирок, тилеккке каршы алданып калгандар жок эмес. Акча салып коюп, кеч түшүнүп, стресс болгондор да бар. Биринчи, чындыкка дал келеби ошону ойлонуу керек. Коомдо болуп жаткан нерселерге сын көз-караш менен кароо зарыл”.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар юрист Атыр Абдрахматовга онлайн суроо узатып, жооп ала алышты.
Семинардын катышуучулары юрист Атыр Абдрахматовага онлайн суроо узтып, жооп ала алышты.
Эл пикири: Шайлоодо жалган маалыматтар көп колдонулуп жатат
Тест: Сиз фейк маалыматты айырмалай аласызбы?
Касиет Кубанычбек кызы