Кочкор районунун Калыгул Бай уулу атындагы мектебинде «Ата-эне окумайы, бала окубайт» — аттуу темада семинар өттү. Семинарда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, белгилүү » Ата-энелер мектеби» программасынын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов лекция окуду.
Гапыр Мадаминов лекция учуру
Семинарга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Бермет Абдрахманова, Кочкор районунун прокурору М.Осмонов, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Талгар Исаев, Мектептердин тарбия иштери боюнча орун басарлары, социалдык мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясын акимдин орун басары Бермет Абдрахманова
Лекциянын жүрүшүндө коомдогу эң орчундуу маселелер жөнүндө лекция болду. Коомдогу зордук-зомбулук, укук бузулар, коррупция жана окуучулар арасындагы терс көрүнүштөрдөн арылуу жолдору менен алардын түпкү тамырына көңүл бурулду.
Семинардан маанилүү маалымат алганын Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендиев атындагы орто мектебинин социалдык мугалими Чолпон Кокумбаева айтып берди:
Чолпон Кокумбаева Кара Суу айылынын Шапак Рысмендиев атындагы мектебинин социалдык мугалими
«Бүгүнкү Гапыр агайдын лекциясынан азыркы күндөгү балдардын,ата-энелердин жоопкечилиги жоктугу, окуучулардын билимге кайдыгер болгону бизди абдан тынчсызандырып келет. Таасирдүү сабак болду, агайдын ар бир сөзү маанилүү болду.»
Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин 9 классынын окуучусу Даниел Малытбеков Гапыр агайдын семинарына катышып кийинки сөз айтты:
Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Даниел Малытбеков
Китеп окуу-үй-бүлөдөн башталат, бала ата-энеден тарбия алат деп эсептейм. Бүгүнкү семинардан эң негизгиси китеп көп окуш керек экендиги пайда болду мага. Агайдын китептеринен башка китептерди дагы окуйм эми жана мектепте жакшы окуп, терең билим алууга умтулам.
Жыйынтыгында семинардын каатышуучулары Гапыр Мадаминовдун китептери менен таанышып чыгышты.
Канайым Мирланова