Бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүү стратегиясында гендердик теңчилик да каралган. Буга катар, жарандык активистер, гендердик эксперттер коомдо гендерик теңдикти орнотуунун аракетинде. Бул тармакты карай турган болсок көйгөйлөр миңдеп саналат.
Бирок коомдогу ар түрдүү стереотиптерге карабай, тең укуктуулукта түтүн булаткан үй- бүлөлөрдүн көбөйүп жаткандыгы кубандырат. Бүгүн, үй бүлөдөгү жана коомдогу иштер аркылуу гендердик теңчиликке жетишкен Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тууралуу баяндайбыз. Айзада Калканбекова Суусамыр айылынын тургуну. Жолдошу Нуркан Бекжанов менен баш кошкондоруна быйыл 15 жылдын жүзү болду. Алар бул күндө 3 баланын ата-энеси. Каармандарыбыз менен үй- бүлөдөгү теңчилик, колдоо, мамилелер тууралуу маектештик:
“Үй- бүлөнүн үлгүлүү, балдардын тарбиялуу болуусу үчүн андагы теңчилик абдан маанилүү. Келин бул балдарды төрөп, оокат кылыш керек деген түшүнүктөн алыс болгондо гана үй- бүлө өнүгөт. Мен жаңы келин болуп келгенде эле мугалим катары жумушка орноштурушкан. Азыр журналисттик багытта иш алып барам. Кайсыл учурда болбосун үй- бүлөм багыт берип, колдоп турушту.”
“Кайненем экөөбүз мүмкүнчүлүгүбүз болсо үйдөгү жумуштарды бөлүшпөй эле, кимибиз бош болсок жасай беребиз. Түшүнүшүп турабыз, анткени менин жумуштарым көп болгондо кайненем мага үй тиричилигинде көп жардамдарды берип турат. Эгер сыртта короо жумуштары болсо жолдошум үйдө жокто, кайненем экөөбүз жасап кое беребиз.”
Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө мүлктөр эркекке катталуу болот. Ал эми Бекжановдордун үй бүлөсүндө мүлктөр жубайына жана жолдошуна тең бирдей катталган. Бул жубайлардын андан ары иштеп, өнүгүүсү үчүн мотивация болот деп эсептейт Нуркан Бекжанов:
“Кээ бирлер үйлөнгөндө же мүлк алганда кокус ажырашып кетсек бул күйөөмө же аялыма кетип калат деп ойлойт. Ошон үчүн кээ бирөө үй- бүлөдө мүлктү аялына каттатпайт, өзүнө да каттатпай, ата-энесине каттатып койгондор да бар. Дароо жаман жагын ойлошот. Мындай кылган болбойт. Мисалы, биздин үй бүлөдө мүлк каттатууда кимдин документтине туура келсе ыңгайына карап каттата беребиз. Кирешени чогуу табабыз, меники же сеники деп бөлбөйбүз.”
Гендердик эксперт Мунара Бекназарова үй бүлөдөгү калыптанып калган стереотиптер тууралуу айтып берди:
“Адамдар бири-бирин түшүнүп баш кошкондон кийин деле, ар биринин аң-сезиминде калыптанып калган стереотиптердин натыйжасында милдеттерди бөлүштүрүп башташат. Мисалы, “Аялым үй кожейкеси болуп тамак жасасын, а мен киреше алып келүүчүмүн”-, деп аялы ал үчүн жумуштарды жасоосун күткөн мырзалар бар. Буга окшогон стероетиптер аз эмес. Үй бүлөө мүчөлөрү бири-бирин сыйлап, түшүнүп, уга билип, колдоп турганы жакшы. Андан сырткары коомчулук эмне дейт деген сыяктуу ойлордон алыс болуп, үй бүлөө мүчөлөрүнүн оюн угуп, биргеликте баарлашкан маанилүү.”
Теңчиликти туура деп эсептеген үй-бүлөлөр тууралуу окуңуз.
Зыйнат Самар кызы