Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясы 2019-жылдын 1- январынан баштап, “Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу” аталышындагы долбоорду ишке ашырып баштады. Бул долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Демократия Фонду (UNDEF) тарабынан каржыланууда.
Долбоордун максаты: Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары, медиа коомчулук жана бардык кызыкдар тараптардын өз ара иш-аракеттери аркылуу гендердик зомбулукту азайтуу жана Кыргызстанда аялдардын арасында алдынкы үлгүнү жайылтуу. Долбоордун узактыгы январь 2019- декабрь 2020- жылга чейин. Долбоордун өнөктөшү “Демге Дем” коомдук фонду.