2019-жылдын 9 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу гепатиттин А түрү 3,9% жогорулаган. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирген. Жалпы вирустук гепатит А менен ооруган 501 учур катталcа, алардын 402си – 14 жашка чейинки балдар болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги гепатитти даарылоого караганда, алдын алуу кыйла жеңил экенин билдирди.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы