Ош шаарында эл аралык илимий – практикалык конференция болуп өттү. Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, конференциянын алкагында жүрөк ооруусу бар бейтаптарга операциялар жасалып, боор оорусу менен жабыркагандарга химиялык сеанстар жүргүзүлдү. Маалыматта аталган иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Орусия, Кытайдан келген медицина өкүлдөрү жана жергиликтүү дарыгерлер катышкандыгы айтылат.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы