Сүт өндүрүүдөгү асыл тукум уйлардын сап башында голштино-фриз уйлары турат. Голландия сырларына дүйнөлүк ийгилик алып келген бул тукумдагы уйларды кантип багуу керек? Сүт өндүрүмдүүлүгүн кантип арттырса болот? Бул суроолорго алдыда жооп алыңыз.
Голштино-фриз тукумунун тарыхый мекени болуп Нидерландия жана Германиянын түндүк-батыш аймагы саналат. Бул өлкөлөрдө кылымдар бою малчылар жакшы түшүм бере турган уйлардын тукумун багып келишкен. Алардын бири голштино – фриз. Аталган тукум Нидерландияда дээрлик башка тукумдар менен аргындашпастан, тандоо ыкмасы менен гана өнүккөн. Мындай аракет менен голландиялык малчылар XIII кылымда эң сонун натыйжаларга жетишкен. Голштино – фриз тукумунун мал чарбачылыгындагы прогресси – сүт, быштак, май жана сырдын өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келген. Мунун арты менен учурда дүйнөгө белгилүү Голландия сырлары брендге айланган. Кийинчерээк ушул уйлардын негизинде башка белгилүү сүт багытындагы породалар жаралган. Америкада бул тукумга туруктуу кызыгуу 1830-жылдары пайда болгон. Бара-бара жеке ышкыбоздордун аракети менен АКШда голштино-фриз уйунун саны көбөйүп, үйүрлөрдүн өндүрүмдүүлүгү жогорулаган.
Голштино-фриз уйу сүт өндүрүү боюнча таанылган мыкты асыл тукум болуп саналат. Биринчиден, бул тукумдагы уйлар мүнөздүү ак-кара түскө ээ. Ак-кара түстөрдүн айкалышы ар бир уйда ар кандай. Андыктан, толугу менен кара же аппак болгон голштин уйлары да кездешпей койбойт. Кээде кызыл-ала торпоктор төрөлөт, бул рецессивдүү гендин көрүнүшү. Илгери мындай жаныбарлар жок кылынса, бүгүн кызыл түстүү жаңы тукумду түзүү үчүн атайын тандалып алынат.
Экинчиден,голштино-фриз тукуму чоң көлөмү менен айырмаланат. Чоң уйлардын салмагы 6-7 центнерге жетсе, букалардын салмагы орто эсеп менен 9 центнерге жетет. Бул уйларды интенсивдүү багуу менен алектенген көптөгөн фермерлер андан да сонун натыйжаларга жетишишет: кунаажындардын салмагы 8-9 центнерге, букалардыкы 1,2 тоннага жетет.
Ошол эле учурда, жаныбарлардын өсүшүн кадимки эле уйларга салыштырмалуу 145-150 см, букаларда 10-15 см көбүрөөк деп эсептөөгө болот.
Голштино – фриз уйу бардык породалардын ичинен сүт өндүрүмдүүлүгү боюнча мыкты көрсөткүчтөргө ээ. Бирок, сүттүн өндүрүмдүүлүгү жана майлуулугу боюнча конкреттүү көрсөткүчтөр аймактын табигый-климаттык шарттарына жана тоют базасынан көз каранды.
Бул асыл тукум уйлары ири мал өстүрүү комплекстери үчүн оптималдуу экендигин түздөн-түз көрсөтүп турат. Ал жерден уйлардын сүттүүлүгү жогору болуп, турак жай шарттарын түзсө болот. Негизинен массалык жана / же дүң сатып алуучу үчүн иштеген ишканалар үчүн голштино-фриз уйлары кирешелүү булак.
Жалпысынан, тукум ээ болгон бардык артыкчылыктардын тизмеси төмөндөгүчө:
Ак-кара түстөгү голштино-фриз тукумундагы уйларды чакан жана жеке үй чарбаларда багуу татаал процесс болушу мүмкүн. Анткени, бул уйлар үчүн зарыл болгон багуу жайларында шарттарды түзүү кыйынга турат. Голштино-фриз асыл тукум уйларын багуудагы негизги кемчиликтерге төмөнкүлөр кирет:
Герефорд уйларынын артыкчылыгы эмнеде?
Уйдун сүт безинин сезгенүүсүн алдын алыңыз
Ат — Башыда ангус жана голштин асыл тукум уйларын баккан ишкер
Касиет Кубанычбек кызы