Үч жылдан бери өлкөдө китеп той белгиленип келет. Иш-чаранын максаты коомчулуктун көңүлүн китеп окууга буруу. Бул жылы аталган той поэзия кечеси менен коштолду. Анда акын Максат Жангазиев “Декабрь кечи” аттуу чыгармачыл кечесин тартуулады. Уюштуруучулар бул маданий,интеллектуалдык кече экенин айтышат.
Иш-чара “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Анын демилгечилеринин бири Айгерим Нурболотова долбоордун алкагында жаштардын китепке болгон кызыгуусу жорулаганы байкалганын айтат.
“Адатта тойлорго барганда курсагыбызды тойгузуп алып эле кетсек, китеп тойдо баш казан, рух казанды толтуруп жагымдуу эс алып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биздин максат элди китеп окууга, поэзия, театрга тартуу,Муну менен элибизди агартуу жагына салымыбызды кошкубуз келет.”
Уюштуруучулар коомдо актуалдуу болгон тойду китеп менен айкалыштырууну чечкен. Иш-чарада ар кандай интеллектуалдык оюндар, ыр –бий , жана ошондой эле китеп жарманкеси, фуршет болот. Китеп тойду мындан ары дагы республиканын башка аймактарында өткөрүүнү пландап жатканын “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков билдирди.
“Кыргызда эмне көп? Той көп. Биз андан кандай пайда алып жатабыз көп нерсени убакыт, акча, жашоону ысырап кылып жатабыз. Бул тойдун өзгөчөлүгү, бары эле китепкана, семинар, тренинг, теартга бара бербейт. Бирок, ошол эле тойго баары барышат. Биз элди тойго чакыруу менен руханий дагы интеллектуалдык жактан дагы өнүктүрүп, кыргыздын адабиятын, маданиятын жайылтуу десек болот. Эл китеп окубайт деп аларды күнөөлөгөнүбүз дагы туура болбой калат. Аларга жакшы альтернатива сунушташыбыз керек, ошондо алар китепке тартылышат.”
Бул жылы китеп той поэзия кечеси менен коштолуп анда акын Максат Жангазиевдин ырлары көркөм окулуп, айрым автордун калемине таандык ырлар аткарылды. Максат Жангазиев быйылкы жыл оор жылдардан болгонун белгилеп, жылды жагымдуу маанайда узатып алууну каалаганын айтып өттү.
“Бизде эл жалаң гана маданий жайлардан маданий иш-чараларды көрүп, ал эми тойканалардан курсакты гана тойгузуп бул нерсе биздин каныбызга синип калган да. Биз муну атайын тойдун форматын өзгөртүп, ысырапкорчулуктан арылууну көздөдүк. Эмне үчүн курсак тойгузган жерден жан дүйнөнү тойгузса болбосун.”
Китеп тойго кызыгып келген жаштар арбын болду. Иш чаранын бирден бир максаты дагы жаштардын чөйрөсүн калыптандыруу, аларды китеп дүйнөсүнө кызыктыруу болгон. Аталган кеченин катышуучусу Шергазы Ыманкулов бул жаштар, китеп сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экенин айтат.
“Бул иш-чара үч жылдан бери эле уюштурулуп жатат. Бул жерге көпчүлүк китеп чөйрөсундө жүргөн жаштар келишкен. Эң соонун маанайда өтүп жатат. Мен дагы жан дагы жан дүйнөмө азык алайын деп келдим.”
«Келгиле, китеп окуйбуз» акциясы өткөрүлүп жатат
Икигай: Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры тууралуу китепти окуңуз
Кыргыз тилинде өзүңүздү өнүктүрүүчү мыкты китептер
Айгерим Кубатбекова, Касиет Кубанычбек кызы