Нарын районуна караштуу Куланак айылында грек-рим күрөшү боюнча атайын машыктыруучу зал 2023-жылдын сентябрь айында ачылган. Кружоктун жетекчиси Назарбек Мусалиев 13 жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштеп келет.
Назарбек Мусалиевдин айтымында ар бир айылга ушундай кружоктор абдан керек. Балдардын ден-соолугу бекем болот, сыртка чыгып көптөгөн ийгиликтерге жетишишет дейт Мусалиев. Ийгиликтүү окуучуларынын бири Бейшенбек уулу Таалайбек. Ал Азиянан жана дүйнөнүн катышуучусу.
Азыркы учурда кружокко катышкандардын 2 тайпасы бар. Ар бир тайпада он бештен бала машыгат. Катышкандардын ичинде кыздар дагы бар. Кружокко катышкандардын жаш курагында чектөө жок, 7 жаштан баштап катыша башташат. Окуу 2 смен менен болгондуктан, машыгуу кечинде сабактардан кийин башталат.
Грек-рим кружогуна 4 жылдан бери катышып келген Советов Адилбек атасынын колдоосу менен катыша баштаган. Бул аралыктын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишип келет. «2020-жылы Жан-Булак айылынан 2-орунду, 2021-жылы Нарын шаарынан 3-орунду, ал эми 2023-жылы да Нарынга барып 3-орунду алгам», — дейт Адилбек.
Амина Русланова, Саламат Уланбекова