Нарын облусунун Кочкор районунда 15-февраль- Советтик аскерлер Ооган жергесинен чыгып кеткен күнүнүн 35 жылдыгы белгиленди. Анда 1979-1989-жылдардагы кандуу согушта шейит кеткен жоокерлерди эскерүү болду.
1979- жылдан 1989- жылдын 15-февралына чейин, кандуу согушта эр жүрөк баатыр, антына бекем турган тынчтык үчүн жанын берген жоокерлерди эскерүү күнү белгиленди.
Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттердин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эске риле бермекчи.
Бүгүн Кочкор айылында Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 10-б классынын окуучулары Ооган согушунда курман болгон жоокер Зарылбек Бердалиевдин эстелигине гүл чамбар коюп, эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.
Канайым Мирланова, Мадина Тилекова, Мырзайым Төлөбекова