2024-жылдын 15-Февралында Ош облусунун Ноокат районундагы К.Каримов атындагы орто мектебинде өнүктүрүү пландарын даярдоо боюнча тренинг өттү. Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар»долбоорунун экинчи фазасынын алкагында уюштурулду.
Тренингге КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, Ош билим берүү институтунун директору Абдилажан Бөрүбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мырзабек Жусупов,пилоттук мектептердин директорлору, социалдык педагогдор, окуу предметтеринин мугалимдери, ата-энелер, мектеп парламентинин өкүлдөрү катышышты.
Тренингде долбоордун эксперти Жеңиш Урумов мектептердин өнүктүрүү пландарын талдоо маалыматы менен бөлүштү. Гендерлик эксперт Чынара Давлетова гендердик аспектилер боюнча интерактивдүү презентация өттү. Андан соң катышуучулар гендердик сезимтал педагогикага жана STEM предметтерин өнүктүрүүгө багытталган практикалык көнүгүүлөргө катышышты.
ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун экинчи этабын «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Балдарды коргоо борбору, АУЦА Инновациялык колледжи жана «Энактус Кыргызстан» менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.
Жумагүл Көчкөнбаева