Бүгүн Ак-Талаа районунун башчысы М.Камчыбеков грепплинг боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарды камсыздаган жаш балбандар жана машыктыруучусу грепплинг күрөшү боюнча 5 жолку чемпион Камчыбек Төлөп алды уулу менен жолугушту.

Жаш балбандардын машыктыруучусу Камчыбек Төлөпалды уулу турнирдин өтүшү, жүрүшү жөнүндө айтып, аталган турнирге 9 спортчу барганын, анын ичинен бешөө байгелүү орундарды жеңип алган сыймыктануу менен белгиледи.



Аталган эл аралык турнирге 4 өлкөндөн балбандар катышып, Камчыбек Төлөпалды уулу 78кг салмакта күрөшүп, чемпион аталды.



Аким М.Камчыбеков жаш балбандарды жеңиши менен куттуктап, ыразычылык кат тапшырды жана окууда, спортто ийгиликтерди каалады. Ошондой эле машыктыруучуга райондук мамлекеттик админстрациянын Ардак грамотасын ыйгарды.
Эске салсак, Камчыбек Төлөпалды уулу Чолок-Кайың айылындагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы күрөш залын, эски имаратты демөөрчүлөрдүн жана өз каражатына оңдоп түздөп, 2018-жылдан бери машыктырып келет. Андан бери 5 спорт чеберин тарбиялап, алар өлкөнүн грепплинг курөшүнө салым кошуп келе жатышат. Машыктыруучу өзү дагы грепплинг күрөшү боюнча спорт чебери.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова