Токтогул шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу максатында шаар аймагындагы көрнөк-жарнактарды талапка ылайык жайгаштыруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Анын алкагында мамлекеттик тилге жооп бербеген, эскилиги жеткен жана мыйзам талаптарын бузган жарнактарды иретке келтирүү багытында мониторингдик кыдыруулар улантылууда.


«Кыдыруулардын жүрүшүндө талапка жооп бербеген жарнактардын ээлерине атайын эскертүү баракчалары берилип, аларды жаңылоо жана мыйзамга ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер шаар тургундарынын жана конокторунун мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттырып, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.
Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” №140 Конституциялык Мыйзамынын 11- жана 26-беренелерине ылайык жарнамалар, кулактандыруулар, прейскуранттар, көчөлөрдүн, объектилердин аталыштары, географиялык аттар жана башка көрнөк маалыматтар биринчи кезекте мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилдерде жазылышы шарт. Ошондой эле башка тилдеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттен чоң болбошу жана ал оң же төмөн жагына жайгаштырылышы талап кылынат.
Бул талаптарга ылайык келбеген ишкердик объектилердин ээлерине көрнөк-жарнактарын 1-мартка чейин мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү милдеттендирилди. Белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынары эскертилди» дейт Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков.
Токтогул шаардык мэриясы бардык ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, мамлекеттик тилди урматтоого жана шаар көркүн биргеликте жакшыртууга чакырат. Мамлекеттик тил — бул мыйзам гана эмес, улуттук баалуулук жана коомдук жоопкерчилик.

Даярдаган: Азема Кудуева