Гулиза Акматсияева Орусиядагы кыргызстандыктарга юридикалык багыт көрсөткөн кесипкөй юристтердин бири. Ал 22 жашында катардагы мигрант катары Москва шаарына барып, билим алып алуу зарылдыгын түшүнгөн.
— Саламатсызбы? Гулиза айым, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
— Москвага 2007-жылы, 22 жашымда мигрант болуп келгем. Ошондо адам укугу бузулган көп учурларга туш болдум. Ошол нерселерден улам Орусиядагы РГСУ университетине юриспруденцияга тапшырдым. Күндүзү окуп, кечкисин дүкөндө иштейт элем. Окууну бүткөндөн кийин дароо эле адам укугу боюнча иштеген жокмун. Алгач, адвокаттардын уюмунда иштеп жүрдүм. Ошолу учурда бир кыргыз кыз менен таанышып калдым. Ал сен кыргыз турбайсыңбы, биздин кыргыздардын көйгөйлөрү көп деп айтып калды. Ал учурда кыргыздарга деле көп жеңилдиктер болуп калган. Салык төлөбөй, ЕАЭС уюмуна кирген болчу. Мен таанышып калган кыз социалдык баракча ачкан экен. Ошол жерге “Гулиза – юрист, суроо берсеңер болот” деп жазып калды. Ошол күнү телефонум тынган жок. Мекендештерибиз ар түрдүү маселелер менен чалып жатышты. Бул окуядан кийин юристтердин ыктыярчылык тобуна кошулуп, мигранттарда жаралган маселелерди чечүү боюнча иш алып бардым. Андан көп өтпөй Өзбекстандын элчилигинде миграция багытында жардамчы болуп иштедим. Ошол учурдан тарта миграция темасына багыт алдым. Өзүм дагы мигрант болгондуктан, талаш-тартыштуу жагдайлар мага абдан тааныш болчу. Азыр өзүмдүн чакан ишканам бар, квалификациялуу юристмин.
— Орусияга барган алгачкы жылдарыңызга токтолуп кетсеңиз.
— Мектепти бүтүп, Кыргызстанда туризм боюнча окудум. Бирок, окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которуп, Россияга келдим. Келгенде магазиндерде иштедим. “Перекресток” деген магазинде кассир болуп иштеп жүрүп, башкы кассирге чейин көтөрүлдүм. Жумушум жакшы болду. Бирок, билим алуу керектигин түшүндүм. Биринчи кезекте өз укугумду коргоону үйрөнүп, мекендештериме жардам бергим келди. Анткени, ошол учурда адам укугунун бузулушу кадимки көрүнүш болуп калган. Жергиликтүү эл дагы мигранттардын кыргыз, казак, өзбек же тажик экенин айырмалай алчу эмес. Азыр кадимкидей айырмалап калышты жана мигранттар башка деңгээле өтүштү.
— Сизге эмгек миграциясындагы адамдар кайсы маселелер менен көп кайрылат?
— Азыр көптөгөн мигранттар алгылыктуу бизнес менен алектенип жатышат. Башында мага бир гана көйгөйлөр менен кайрылышса, азыр үй алгандар, бизнеси боюнча кайрылгандар арбын. Алар өнүккөн сайын мен дагы өнүгөт экенмин. Кыйналган кыргыздардын көпчүлүгү ишенчээктиктен улам өзүнө көйгөй жаратышат. Ишенип, келишими жок жумуштарда иштешет. Анан айлыгын ала албай калат. Же болбосо, бирөөнүн жүгүн жеткирип бермекчи болуп, баңгизат менен көп кармалып жатышат. Башында менин жумушум кыргыздардын кылмыш процесстерине катышуу менен башталды. Ошондо кыргыздардын катыштыгы бар күнүнө 3-4 процесс болот эле. Аябай таң калат элем. Азыр статистиканы алганда 1,5 миңдин тегереиндеги кыргыз Россиянын түрмөлөрүндө отурат. Алардын 95% күнөөсү дадилденген. Видео материалдар, экспертизалар дагы бар. Көпчүлүк ата-энелер менин балам андай жолго барбайт деп айтышат. Ар бир ата-энеге өзүнүн баласы жакшы. Бирок, билип туруп иштегендер, билип туруп ошондой иштерге баргандар бар. Мен мурда кыргыздарды атайын эле кыйнап жатышат деп ойлой берчүмүн. Ал эми 5% болсо кокустан кылмыш ишине туш болуп калгандар.
— Юрист катары кайсы багыттардагы иштерди алып барасыз?
— Менин иш тажрыйбамда москвалык аял кыргыз кызды машина менен сүзүп кеткен тажрыйба болду. Кыргыз кыз жабырлануучу болгондуктан, мен ал кызды коргоочу тарап болуп бардым. Азыр ал кыз тирүү калды. Бирок, башынын жарым сөөгү жок. Учурда ал кыздын укугун коргоп, компенсация төлөп берүүсүн талап кылып жүрөм. Экспертиза иштери жүрүп жатат. Андан тышкары, үй алуу, бизнес багыты, ажырашуу ж.б кыргыздарда кандай маселе жаралса, ошол багытта иш алып барам. Үй алууда алдамчыларга туш келген учурлар бар. Жалган документтер менен үй сатып койгондор болот. Жакында эле эки кыргыз үй-бүлө кайрылды. Бирөөсү 8,5 млнго, экинчиси 6,5 млнго үй алган. Экөөнү тең алдап коюшкан. Жасалма документ берип туруп, акчаларды чыгарып кетишкен.
— Миграцияга кетип жаткандарга кандай кеңеш берсиз?
— Сөзсүз бир кесипке ээ болуп келгиле дегим келет. Анткени, ашпозчу, маникюр, электрик болобу кесип баары бир бааланат. Негизи, кыргыздар абдан жоопкерчиликтүү болушат. Жакшы кызматта иштеп жаткан кыргыздарды көргөндө аябай сыймыктанам. Бирок, мектепти бүтпөй жатып мигрант болуп келгендер көп болуп жатат. Көбүнчө ата-энелер жок дегенде балдарын техникалык адистикке ээ кылып, анан жөнөтүшсө… Антпесе, оор жумуштарда иштеп, кыйналып, ар кандай иштерге аралашып кетип жатышат. 19 жаштагы кыз 12 жылга баңгизаттын айынан кесилип кетти. Бул абдан өкүндүрөт. Мындай учурда юрист катары мен дагы жардам бере албайм. Кыргыздар окуу жана маданият жагына көбүрөөк маани берүүсүн каалайм. Анткени, Кыргызстанда “ар бир адам диплом сатып алса болот” деген стереотип калыптанып калды. Ооба, диплом сатып алса болот. Бирок, билимди сатып алууга болбойт. Россияда билим алуу жакшы нукка түшкөн. Өз күчүң менен окуп, өз аракетиң менен баа, диплом аласың.
Касиет Кубанычбек кызы