Hardcore FC чемпиону Самат Абдрахманов Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Булак айылына бүгүн саат 11 де жетип келди. Саматты ата-журту, Кулатов айыл өкмөтүнүн эли, аксакалдар, жаштар, жаш спортчулар, «Абшыр-Ата» жана «Кулатов» айымдары шаңдуу күтүп алышты. Самат менен жалпы кыргыз эли сыймыктанаарын белгилеп, Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнбаев тулпар мингизип, ак чепкен үстүнө жапты.
Самат Абдрахманов: Мен Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө төрөлгөнмүн. Менин бул ийгиликтерге жетүүмө негизинен алдыга койгон максаттарым жана кичинекей кезимден берки тынбай жасаган аракеттеримдин натыйжасы десем болот. Мен кыргыз элинен чыккан уул болгонум үчүн сыймыктанам. Рингде жеңишке жеткен учурумда кыргыз эли жөнүндө айткан ыр саптарды алдын эле билчүмүн. Алдыга койгон пландарын көп. Буйруса профессионалдуу бокс багытында беттештерге даярданам. Алдыда дагы Hardcore боюнча бир нече беттештерим бар. Калганын убакыт көрсөтөт.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнбаев: 10 чу июль күнү Hardcore FC чемпиону Самат Абдрахманов Бишкек шаарынан Ош шаарына келип түштү. Саматты Ош шаарында, Ноокат районунда жылуу күтүп алышты. Кулатов айыл өкмөтү Саматтын кичи мекени болуп эсептелет. Самат менен Кулатов эли ошондой эле жалпы кыргыз эли сыймыктанат. Биздин айыл өкмөт үчүн да өтө сыймыктуу жагдай. Самат Абдрахмановду күтүп алууда Кулатов эли жылуу тосуп алды. Саматтын жеңиши жалпы спортту сүйгөн жаштарга үлгү десем болот. Айыл өкмөттүн атынан бир иулпар белек кылдык. Ата-энесине ыраазычылык билдиребиз.
Самат Абдрахмановдун ата-энесин кепке тартканда: