Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы. Мухаммед Маадынын өкүлдөрү демөөрчүлүк көрсөтөт. Айыл өкмөт тарабынан 5 тонна цемент бөлүнөт. Курулуш иши сентябрь айларында аяктап калат.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов:
«Бүгүн бала бакчанын курулуш иши башталды. Айыл өкмөттөн 5 тонна цемент берилет. Бул бала бакчага айылдын аксакалдары келип капсула салып, курулуш ишин баштап беришти. Айылда бала бакча болгону менен орундар чектелүү. Аз орундуу бала бакча болгондуктан көпчүлүк балдар бала бакчага келе алышпайт. Бала бакча буюрса сентябрь айларында курулуш иши аяктап калат. Айыл тургундарынын бала бакчага болгон көйгөйү, талабы чечилет деп ойлоймун».
«Байчечекей» балдар бакчасынын директору Ханышай Бобулова:
«Бүгүн “Байчечекей” балдар бакчасынын курулуш иши башталды. Бала бакчанын алдына кошумча бала бакча салынганы турат. Курулуш иштин башталышына Жогорку кеңештин депутаты, айыл аксакалдары, ардагер мугалимдер, айыл өкмөт келип катышты. Айыл эли кубанууда. Себеби бала бакча аз орундуу болгондуктан көпчүлүк балдар келе албайт. Бала бакчадагы тарбиячы мугалимдер да курулуш ишке катышты. Мени кубандырган жери, ошол жерде гендердик теңчиликти сактап бизге да капсула салдырышты. Ушул жерден жакшы балдар тарбияланып чыксын, деп тилектериңиздерге айтып капсула салдык.»
Жергиликтүү кеңештин депутаты Кеңешбек Рустамов:
«Бул көйгөй 5 6 жылдан бери келе жатат. Көпчүлүк балдар бала бакчага келе алышпайт. Айыл эли аябай кубанычта. Ушул бал бакча элге кызмат кылса, жакшы балдар тарбияланып чыгарылса биз да кубанычтабыз.»
Чынара Көчкөнбаева, Таңнуру Жалалова