Мектеп мугалимдеринин айтуусу боюнча быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн коомдук иштерди уюштуруп, мектепте алгылыктуу иштерди жасашты. Бул бүтүрүүчүлөрдү мектеп менен кош айтышып кетүүсүн каалабайт элек дейт мектеп мугалимдери.
Бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Шейшеева Бактыгүл Канатбековна окуучуларына каалоо тилектерин айтып, ийгиликтерин баса белгилеп кетти.
«Түп районундагы Асан Сопиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенем. Республикабыздын жер жерлеринде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул күн ар бир окуучунун жүрөгүн толкунданткан, көптөн күткөн күндөрдүн бири десем жаңылышпайм. Анткени окуучулар турмуш жолуна аттанганына кубануу менен катар эле алтын уясынан учуп жатканына ичтери ачышып турган учур. Быйылкы окуу жылында биздин мектепти 23 окуучу аяктап жатат. Алардын ар бири менин жүрөгүмдөн орун алып, менин ээн сүйүү окуучуларымдын катарын толукташты деп айта алам. Анткени алар берилген тапшырманы убагында жоопкерчилик менен аткарып, коомдук иштерге активдүү катышышты.
Белгилеп айта кетсек райондук предметтик олимпиада боюнча Кыргыз тили боюнча Жайлобаева Аяна экинчи орун Шаиев Бекназар География предмети боюнча 3-орунга ээ болушту. Кыдырмышова Гулбайра, Мелисова Жибек, Мирлан уулу Мекен, Үсөнова Дилназдар Республикалык сыртан өтүлгөн сынактарга жигердүүлүк менен катышып, дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Мектеп ичинде райондо өтүлгөн спорттук мелдештерде Бейшембаев Амангелди Асанакунов Нурэл, Алиев Урмат сыяктуу окуучуларыбыз дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише алышты».
Балапан кезинен канатыма калкалап, ысык- суукка чыдап, бороон чапкынды бирге тозуп ар тараптан калыптанган инсандар болсо экен деп бар күчүбүздү жумшап, окуучуларыбызды бүгүнкү даражага жеткирдик. Бүтүрүүчүлөрүмдү уядан учуруп, жүрөгүм ооруп турса да, келечектеги кең максаттардын бийлик кыялдардын орундалышы үчүн окуучуларыма ак жол каалайм. Турмуштун ачылган ар бир каалгасында аларды жалан гана жакшылыктар, ийгиликтер жетишкендиктер, кубанычтуу күндөр күтүп тосуп алсын демекчимин.
Уюткулуу Түп жергесинин атын чыгарган элдик уул кыздардан болушуңарга тилектешмин. Турмуш жолунар шыдыр болсун».
Тасма айылынын үй-бүлөлүк дарыгери Айгүл Маматова өтүлгөн иш чара боюнча өз оюн билдирип, окуучуларга каалоо- тилектерин айтты.
«Аттестат берүү аземине ата эне болуп бардым, абдан жакшы болду. Биринчиден балдарыбызга ак жол каалайбыз. Жолдору дайым ачык, шыдыр болсун. Каалаган тилек ой максаттарына жетишсин. Ден соолуктары чын болсун, өздөрү каалаган бир кесиптин ээси болуп, эл керегине жараган уул кыздардан болушуна тилектешмин. Ата -энелерге дагы ден соолук каалайм. Мугалимдерге да ыраазычылык, ушунчалык даражага жеткизип, балдарыбызды тарбиялагандыгына чоң рахмат, иштерине ийгилик. Дагы -дагы жаш муундарды тарбиялап, билимин берип, бүтүрө беришсин».
Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева