Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу үч этап менен өткөрүлөт. Ал онлайн 2020.edu.gov. kg порталы аркылуу жүрөт. Учурда палатформа иштеп баштады. ЖРТнын жыйынтыгы сертификаттын жана паспорттун номерин жазуу менен катталыш керек.
Босого баллдан өткөн абитуренттер онлайн сынакка катыша алат. Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы онлайн кабыл алуунун ыңгайлуулугун айтат автоматташтырылган маалыматтык системада өлкөдөгү баардык жогорку окуу жайлар алардагы бөлүмдөр жана контрактык, бюджеттик орундар тууралуу кенен маалыматтар бар:
“ 2 жылдан бери онлайн кабыл алуу өзүн актады. Мисалы алыскы аймакта жашагандар үйүндө отуруп алып эле каалаган окуу жайга тапшыра алат ошондой эле канчанчы болуп турганын конкурс кандай өтүп жатканын күнү боюу карап тура алат. Катталганда окуучу мурда ЖРТ тапшырып жатканда катталган логин пароль жазганда жеке кабинетине кирет. Ал жакта бүтүрүүчүнүн ЖРТ жыйынтыгы автоматтык түрдө көрүнүп турат. Андан ары ал окуу жайды жана тапшыра турчу бөлүмдү тандап, сынакка катышат.”
Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Эсенгелди Жолдошбеков абитуренттер жана ата энелер ЖРТ менен онлайн кабыл алуу системасын жакшы түшүнбөгөндүктөн алдамчылардын торуна тушүп калып жатышканын айтат. Электрондук системада эч нерсени жасаганганга мүмкүн эмес аз упай алып калган абитурентти жогорку упай алган баланын орудуна жылдыра албайт. Ошондой эле системада баланын аты жөнү жазылбайт катталган коду жана балл эле көрүнөт. Бул система адам факторусуз ачык, айкын өтөт:
“Биздин окуу жайда “Дарылоо” бөлүмүнө сынак чоң болот. 1 орунга 4-8ге чейинки адам катышат. Негизи химия, биология сабагынан сырткары чет тилдерин билген студенттерде мүмкүнчүлүк дагы көбүрөөк болот. Себеби биздин окуу жайда чет өлкөлүк окуу жайлар менен келишимдер, тажрыйба алмашуулар болуп турат тил билгендер аларга катыша алышат. Кесипти эң негизгиси өз каалоосу менен тандашы керек.”
Кесипти жүрөгүңүз менен тандаңыз
Кесип тандоодон адашып калбоо үчүн ыкмаларды билип алыңыз
Айгерим Кубатбекова