Базар-Коргон районундагы мектептерге 5 млн 545000 сомдук эмерек жана техникалык каражаттар берилди.

Жалал-Абад өнүктүрүү фонду тарабынан алып келинген парта, отургучтар
Базар-Коргон районунда 69 мектеп 49 балдар бакчасы, 2414 мугалим, 37200дөн ашык окуучу билим алышат. Алардын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо максатында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан долбоор жазылып, муктаж мектептерге берилди.

Базар-Коргон райондук Мамлекеттик Админстрациясынын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев сертификат тапшыруу учурунда
Базар-Коргон райондук Мамлекеттик Админстрациясынын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев:
Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду менен биргеликте жакшы иш-чара өтүүдө. Бул техникалар жана эмеректер билим сапатын жогорулатууга жардам берет. Заманга жараша техникасы күчтүү билим берүү мекемелери гана сапаттуу билим бере алат деп айтам. Андыктан бүгүнкү техниканы жана эмеректерди алган мектеп, балдар бакчасы көп ийгиликтерге жетишет деп ойлойм.

Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунун башчысы Танзиля Сатимова
Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунун башчысы Танзиля Сатимова:
Азыр республика боюнча мектептерде эмеректер СССР маалындагы алынган боюнча алмаштыра элек. Бул да болсо балдардын окууга болгон умтулуусун, ал эми мугалимдердин да иштөөгө кызыгууңуздарды да төмөндөтөт. Кыргызстандын мыкты эр азаматтарын тарбиялап чыгыңыздар. Ийгиликтерге жетишиниздер. Мындан сырткары биз бүгүнкү күндө мектептердин жылытуу системаларын, чатырларын, ремонтторун оңдоп берүүдөбүз. Жалал-Абад өнүктүрүү фондунда көптөгөн жумуштар болуп жатат. Бир эле Базар-Коргон району эмес облус боюнча билим берүү тармагына көңүл бурулуп жатат. Баарыныздарга ишиңиздерге ийгилик, ден соолукта болуңуздар, дагы көптөгөн долбоорлор менен иштеп жүрө бериңиздер.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Сопубек Сариев
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев:
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан алынган техникалык материалдарды билим берүү сапатын жогорулатуу максатында долбоор жазып, мектептерге тапшыруудабыз. Негизги биздин максат мектептерде бүгүнкү күнгө чейин материалдык техникалык базасы начар болгон ошого өнүктүрүү фондунан мурда мекеме ишканаларга долбоор жазуу мүмкүнчүлүгү болбой келген. Бүгүнкү күндө быйылкы жылдын эсебинен 5млн 545мин сомдук долбоор жазып 15 даана интерактивдүү доска, 80 даана персоналдык компьютер, 15 даана ноутбук, 15 даана пректор, 200 парта, 400 окуучулар үчүн отургуч 40 мугалимдер үчүн отургуч столу менен 40 китеп коюу эмерегин алдык.

Райондо 69 мектеп 49 бала бакча бар. Баарына эмес өтө муктаждарга карап бердик. Буга чейин министрлик тарабынан 60 компьютер жана принтерлер китепканачыларга берген. Жалпы район боюнча 69 мектеп 49 балдар бакчасы, 2414 мугалим, 37200дөн ашык окуучу билим алууда.

№9 Жалал Асанов мектебинин директору Токтобүбү Саитова жана Танзиля Сатимова
№9 Жалал Асанов мектебинин директору Токтобүбү Саитова:
Биз аябай кубанычтабыз, анткени заманбап сапатуу билим берүүгө мугалимдер жана окуучулар үчүн эң чоң өбөлгө. Кубанып турам мектептке интерактивдүү доска, ноутбук, проектор эмеректерди алдык. Демек эмеректерди алгандан кийин албетте билим сапаты да жогорулайт деген ойдомун. Азыркы мезгилде окуучуларга билим тарбия берүүдө окуучуларга санариптештирүүдө интерактивдүү доска жана ноутбуктарга абдан муктажбыз. Мен ушул убактан пайдаланып Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге, анткени ушундай эмеректертер жана техника менен мектептерди камсыздоодо биздин жетекчинин ролу чоң. Ошондуктан жалпы жамаатым, ата-энелерим, окуучуларым жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем.

Акман айыл аймагынын №38 “Гүлдесте” балдар бакчасынын жетекчиси Кундузкан Шайдылдаева
«Биздин бакчага зарыл керектүү эмеректер менен камсыздап жатышат. Техникалык каражат балдар бакчасына да аябай керек. Он сөз сүйлөгөнчө бир эле интерактивдүү доска менен түшүндүрүү балдардын өнүгүүсүнө, өсүүсүнө пайдасы тийет. Эмеректердин сапаты аябай жакшы экен. Китеп шкафтары ыңгайлуу»-деди Акман айыл аймагынын №38 “Гүлдесте” балдар бакчасынын жетекчиси Кундузкан Шайдылдаева.

Жаныбек Мавлянкулов №39 Бел-Терек мектебинин директору
Жаныбек Мавлянкулов №39 Бел-Терек мектебинин директору:
Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин күчү, өзүнүн ишин мыкты билген жетекчи катары мектептерге берди. Албетте бул мугалимдердин иштөө системасын окуучулардын келечектеги алдыңкы прогрессивдүү окуусуна өбөлгө түзөт. Сопубек Сариевдин иш билгилиги, уюштуруучулугу, ар бир мектепке кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Ишине ийгилик каалайм.

Бала бакчалардын жетекчилер
Районубузда эң оң сааламалык жүрүп жатат. Аябай кубанычтабыз. Азыркы күндө балдарга заманбап билим берүүдө техниканы колдонуп, сапатуу билим бере алабыз. Техникалык базаны чыңдоодо райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге чоң рахмат айтып кетет элем. №22 Тагай уулу Камал атындагы орто мектебинин директору Абдикахар кызы Айперим.

Жыйынтыгында ар бир мектеп директоруна сертификаттар берилип, эмеректерин жана техникаларын мектептерине алып кетишти.
Гүлназ Камбарали кызы