Кемин районунда 31-март 2023-жылы “Биз ХХI кылымдын интеллектуалдары” аттуу окуучулардын арасында облустук турдун сынагы өткөрүлдү. Бул жерде ар бир номинация өз-өзүнчө бөлүнүп бааланды. Анын ичинен “Дубал модель” долбоору менен барган Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Тынччылыков Нур Али 1-орунду ээлеп, республикалык сынакка жолдомо алды.
«27-мартта Сокулук районунун “Тан-Чолпону” балдар эстетикалык борборунда “Биз ХХI кылымдын интеллектуалы” деген конкурс өтүп, биздин мектептин окуучусу Тынччылыков Нур Али “Ынтымак темир жолу” деген «Дубал модели» боюнча конкурстан 2-орунга ээ болуп, кийинки облустук турга жолдомо алып келгенбиз. Облустук тур 31-мартта Кемин районунун Кызыл Октябрь мектебинде өткөрүлүп, 1-орунга ээ болдук. Бизди абдан кубандыргандыгы республикалык турга өткөнүбүз. Биз менен бирге дагы Сокулуктан барган сынактын женүүчүлөрү, Сокулук №3 Керимбүбү Шопокова атындагы орто мектеп-лицейи, «Тан Чолпону» балдар жана өспүрүмдөр борборунун окуучуларын да куттуктайбыз»,-деди
Сынак келечектеги адис- изилдөөчүнү жана ойлоп табуучуну калыптандырат, өнүктүрөт.
Динара Султаналиева