Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43 кесиптик лицейде айлана- чөйрөнү жакшыртуу жана келечек муундарга табиятты сактоо үчүн «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын өткөрүүдө.
Жаңы-Жер айылындагы кесиптик лицейде «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылынын» жана «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын» алкагында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү башталды.
Кесиптик лицейдин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматованын билдирүүсү боюнча:
Быйыл жаз башталганы айлана чөйрөнү көрктөндүрүү иши менен алектенүүдөбүз. Негизи биз ар жылы сайын айланага жаңы көчөттөрдү отургузабыз. Бул ишти биздин окуучулар салт катары кабыл алып калышкан. Бул лицейди 10 жыл 15 жыл мурда бүтүп кеткен окййчуларыбыз келген сайын «Бул бакты мен тиккен болуучумун» дешип айтып калышат. Чындыгында ал окуучулардын отургузган көчөттөрү жемишин берүүдө. Ал эми быйылкы жыл боюнча айта кетсем:
• Лицейдин территориясы тазаланды.
• Участокторго 1200 даана бак дарактардын көчөтү отургузулду
• Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн ар түрдүү гүлдүн уруктары себилди.
• 2 сотых жерге бак дарактарды көбөйтүү үчүн карагаттын, теректин калемчелери отургузулду
• Парникте помидор өстүрүлүүдө
• Жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн көчөттөрр даярдалууда
• Лицейде жер семиркичтердин түрлөрү жасалууда жана алар талаага колдонулууда.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо сунушун берген. Ошондо 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп жана 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан. Февралда «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган.
Турсун Омуралиева